Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:31

ПРЕЗИДЕНТ ӨЗ КАЙРЫЛУУСУНДА ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ЗАРЫЛ МЫЙЗАМДАРДЫ ӨЗ УБАГЫНДА КАБЫЛ АЛБАЙ ЖАТКАНЫН АЙТТЫ


Бүгүн (31-мартта) Кыргызстандын президенти Аскар Акаев Жогорку Кеңештин кош палатасынын депутаттарына кайрылуу жолдоду. Президенттин бул жолку кайрылуусу «Мыйзам чыгаруу ишиндеги биринчи кезектеги милдеттер» деп аталып, парламент тезинен көңүл буруп, кабыл алышы зарыл болгон мыйзам долбоорлоруна арналды.

Өлкөнүн конституциясынын жаңы редакциясынын кабыл алынгандыгынан берки мезгилдеги мыйзам чыгаруу иш-аракетинин жагдайы президент Аскар Акаевдин быйылкы улутка кайрылуусунун өзөккү темасы болду. Мамлекет башчынын айтымында, бир жыл өткөнүнө карабай, экономикага жана акыйкат башкарууга зарыл маанилүү мыйзамдар Башмыйзамдын талаптарына ылайык өзгөртүлбөй жатат.

Өкмөт, президент сунуш кылган мыйзамдар да кабыл алынбай жатыптыр. Ал тууралуу Аскар Акаев мындай деди:

- Ушул бир жылдын аралыгында көп нерселер жасалса дагы, мыйзам чыгаруу ишиндеги бүгүнкү чыныгы кырдаал өтө кабатырлантат. Натыйжада Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынгандан бери бир жыл өтсө да, анын айрым жоболору мыйзам тарабынан таяныч таппай, экономикалык илгерилөөнүн темпи дале болсо эскирген укуктук базанын кысымында калууда. Анын үстүнө айрым мыйзамдарды кабыл алуу кечеңдей берсе эларалык милдеттерибиз менен каржылык келишимдерди үзгүлтүккө учуратуу коркунучу дагы туулуп жатат.

Аскар Акаев парламенттин көңүлүн мыйзамдардын үч багыттагы топтомуна бурду. Анын биринчиси - экономикалык эң маанилүү көйгөйлөр менен милдеттерди чечүүгө негиз берүүчү, экинчиси - акыйкат башкарууну камсыз кылуучу жана үчүнчүсү - социалдык көмөк көрсөтүүчү мыйзамдар. Аталган топтордун ичинен президент экономикалык өнүгүүнү камсыз кылчу мыйзамдарга кеңири токтолуп, банк системасын, каржы тармагын чыңдай турган 22 мыйзамды тезинен кабыл алуу зарылдыгын билдирди. Алардын ичинен «Баалуу кагаздар рыногу» жөнүндөгү, Кылмыш жаза жана Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекстерге тезинен өзгөртүү киргизүү зарыл:

- Эгер биз сиздер менен бирге баалуу кагаздар базарын коргоо боюнча бардык чукул чараларды көрбөсөк, алдамчылык, кызылкулактык кайталана бериши мүмкүн, - деди А.Акаев.

Мамлекет башчынын айтымында, парламент булардан тышкары чукул арада акыйкат башкарууну жана саясий системаны бекемдөөчү алты мыйзамды кабыл алууга милдеттүү.

Президенттин сөзүнө караганда, алардын ичинде «Мамлекеттик кызмат» жөнүндөгү мыйзамдын жаңы редакциясы, "Жогорку жана башка мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдардын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн кирешелери, милдеттенмелери жана мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо жөнүндө" мыйзам өзгөчө орунда турат. Бул мыйзамдардын негизинде кызматкерлердин арам акча табуусуна чек койо турган мезгил келди:

- Кызматкер өзүн чий түбүндө түнөгөн бечара катары көрсөтүп, ал эми бар байлыгын тууган-туушкандарына жаздырып жүргөн учурлар жашыруун болбой калды. Мамлекеттик атка минерлердин жашыруун байыган айла-амалдарын ашкерелөө зарыл. Биз мамлекеттик кызмат адамдарына жана алардын жакын туугандарына таандык мүлк жана кирешелер жөнүндө декларация берүүнү жана ал декларацияларды жарыялоонун милдеттүү тартибин мыйзам аркылуу киргизүү зарыл деп эсептейбиз.

Президенттин айтымында, мамлекеттик кызматтагы туруктуулукту сактоо үчүн мамлекеттик катчылар институту жаңыдан киргизилет жана ал өкмөт же министр кызматынан кеткенде бүткүл аппарат кызматкерлеринин туруктуу иштешин камсыз кылат. Андан тышкары административдик талаш-тартыштарды жаңыдан түзүлө турган административдик сот жөнгө салат.

Президент сунуштаган мыйзамдардын үчүнчү топтомун социалдык жактан көмөк көрсөтүүгө өбөлгө болуучу мыйзамдар түзөт. Анда Акаев социалдык колдоо көрсөтүү жөнүндөгү мыйзамдарды тартипке салуу керектигин билдирип, эларалык терроризм менен күрөшкө катышканда майып болгондор социалдык камкордукка алынаарын кабарлады:

- Согуш ардагерлеринин тобуна жаңы категория - Кыргыз республикасынын аймагындагы жана аны менен чектеш мамлекеттердеги эларалык терроризмге каршы күрөшүүдөгү күжүрмөн аракеттердин майыптары да кошулду.

Аскар Акаевдин айтымында, сунушталган мыйзамдардын парламент тарабынан өз убагында кабыл алынбай жаткандыгынын эки орчун себеби бар. Алар - парламенттин мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүнүн чабалдыгы жана мыйзам долбоорлорун координациялоонун жоктугу.

Президенттин мындай бүтүмүнө, бирок, парламенттин бардык өкүлдөрү эле макул боло койгон жок. Маселен, Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Кыдыкбек Исаевдин пикири боюнча, тийешелүү мыйзам долбоорлорун алешем даярдап берген өкмөттүн да кемчилиги зор:

- Биздин күнөөбүз деле жок. Көпчүлүк учурда өкмөттүн аппараты жана анда иштеген юристтер ката кетиришет. Бул жерде алардын да күнөөсү көп. Алар мыйзамдарды чала иштеп келишип, парламенттин кароосуна эптеп-септеп киргизип коюшат.



(Мамлекет башчынын кайрылуусуна байланыштуу саясатчылардын ар кыл пикирлери менен бүгүнкү тегерек үстөл четиндеги маектен тааныша аласыздар).
XS
SM
MD
LG