Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:57

ӨЗБЕКСТАНДАГЫ ОКУЯЛАР ЖАНА АДАМ УКУКТАРЫ


Нарын АЙЫП, Прага Нью-Йорк шаарында жайгашкан "Хьюман райтс вотч" аттуу адам укуктарын коргогон уюм 30-мартта атайын доклад жарыялап, президент Ислам Каримовдун авторитардык бийлиги миңдеген адамды камакта кармаганын сынга алган. Өзбек оппозициялык уюмдары жана кээ бир чет өлкөлүк эксперттер Өзбекстанда ишке ашырылган акыркы террор аракеттерин дал ошол авторитардык саясаттын жыйынтыгы катары кабыл алууда.

Доклад үч жүздөн ашык бетке жазылган жана аны "Хьюман райтс вотчтун" эксперттери беш жыл бою даярдап, камакка алынган адамдар жана алардын туугандары менен беш жүздөн ашык маек жүргүзүп, ондогон сот иштерине катышкан. Докладдын эң негизги жыйынтыгы - исламдык терроризм менен күрөшүү шылтоосу менен өзбек бийлиги өтө катуу чараларды көрүп, экстремисттер менен кошо миңдеген күнөөсүз адамдарды да куугунтуктагандыктан, адам укуктарынын бузулушуна өлкөдө кеңири жол ачылган.

Докладда көптөгөн мисал да келтирилет жана анын авторлору АКШ менен Европа Биримдигинин жетекчилигине кайрылып, аларды - адам укуктарынын Өзбекстанда өтө ырайымсыз бузулганын эске алып, бул өлкө менен болгон мамилелерди кайра карап чыгууга чакырат.

Апрел айында америкалык өкмөт Ташкенге 50 миллион доллар жардам бөлүү маселесин чечүүгө тийиш, жакын арада Европадагы өнүгүү жана кайра куруу банкы дагы Өзбекстандагы абалды караштырууга даярданууда. Женева шаарында азыркы учурда өтүп жаткан Бириккен Улуттардын Адам укуктары боюнча комиссиясынын жыйынында дагы Өзбекстандагы жагдай талкууланууга тийиш.

Мындай абалда, кээ бир эксперттердин пикиринде, террордук чабуулдар президент Ислам Каримовдун пайдасына иштөөдө. Анткени террорчулукка каршы күрөшүү үчүн ал эми Батыштан дагы жаңы жардам ала алат жана адам укуктарын коргоо маселеси кайрадан эле дагы көпкө четте калышы мүмкүн. Маскөөдө чыгуучу "Коммерсант" гезити жазганга караганда, Каримовдун бийлиги канчалык катаал экенин батыш саясатчылары жакшы билет. Бирок мелүүн оппозицияны жок кылып салган Каримов аларга - мен кетсем, менин ордума ушундай радикалдар келет деп айтып, өз бийлигин ого бетер күчөтүүгө жетишүүдө.

Америкалык Карнеги фондунун Маскөөдөгү кеңсесинде иштеген эксперт Алексей Малашенконун пикиринде, акыркы теракттарды өкмөт өзү уюштурган деп айтуу кыйын, алар тескерисинче, президент Каримовдун бийлиги Өзбекстанда чексиз эмес экенин көрсөттү:

- Өлкөдөгү абалды президент толук көзөмөлдөй албаганын алар ачык жана айкын көрсөтүп-далилдеди. Исламчылар - керек болсо биз чак түштө жана Ташкендин өзүндө ушундай иштерди аткара алабыз деп айтууда. Ошондуктан мен бул окуяларды провокация деп баалай албайм. Маселе андан алда канча татаал жана кейиштүү, эң негизги жыйынтык болсо - Өзбекстандын өзүндө да, анын сыртында дагы ушундай аракеттерди ишке ашыра ала турган күчтөр бар экенинде.

"Хьюман райтс вотчтун" докладынын авторлорунун бири Рэйчел Денбердин пикиринде, өлкөнү азыркыдай абалга жеткирген президент Ислам Каримов менен кызматташып, аны колдогон эларалык коомчулук уялууга тийиш жана өлкөдөгү жагдайды жакшыртууга багытталган шашылыш чаралар көрүлүш керек. Өзбек оппозициялык топтордун айтымында болсо, террорчулук кылууга адамдар жаны кашайгандан барып жатат жана түзүлгөн абал - бийликтин жүргүзгөн катаал саясатынын түздөн-түз туундусу.

Террорчулардын эң биринчи кезекте милицияга кол салганы - аны көрүп, диктатордук бийликтен тажаган эл көтөрүлөт деп күтүлгөн. Бирок эл канчалык азап чексе дагы, террорчулар менен бийлик ортосунда тандаш керек болгондо, бийликти колдоп кетти.

XS
SM
MD
LG