Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:07

“Тураталы” базарынын соодагерлери нааразылык акциясын өткөрүштү


ОШ. Бүгүн Карасуу шаарындагы "Тураталы" базарынын соодагерлери иш ташташты. Эртең мененки саат 8-9 чендерде базарда соода кылган миңге жакын киши соода түйүндөрүн ачкан жок. Андан кийин 300-400гө жакын соодагерлер райондук акимчиликтин алдына келип, Ош - Карасуу жолун тосушту. Алар базардагы соода контейнерлеринин аренда акысы кымбаттап кеткендигине нааразы болушуп, Кытай Республикасынан келген уйгур жана кытай улутундагы соодагерлер товарларды арзан баада сатып жаткандыгын жана базардын сыртындагы автомобиль жүрүүчү жолго соода контейнерлери коюлгандыктан соода токтоп калганын айтышты.

Көп өтпөй нааразылык билдиргендерге Карасуу районунун акими Адамбек Закиров чыгып, жол тоскондор шаардык кеңештин залына киришти. Ал жерде аким сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин эл тарап кетти.

Коопсуздук кызматынын кызматкерлеринен алынган маалыматтарга караганда, 31-март, 1- жана 2-апрель күндөрү базарда иш таштоого чакырган баракчалар кечээ 30-март күнү соодагерлерге таркатылган. Азыр кырдаал Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жана коопсуздук кызматынын кызматкерлеринин көзөмөлүндө турат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG