Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Нарында аракка берилген жаштар көбөйдү


НАРЫН. Нарында арак ичкен жаштардын саны көбөйүүдө. "Ыйман булагы" деп аталган бейөкмөт уюмдун жетекчиси Шайлоо Өмүралиевден алынган маалымат боюнча Нарын облусунда жашаган калктын 85 пайызы арак ичишет. Алардын басымдуу бөлүгү 20 жаштан 45 жашка чейинки жаштар. Ал эми ичкендердин 15 пайызы араксыз тура албай калган болсо, алардын 3 пайызы гана дарыланууга макулдугун беришкен. Буга чейин облустун бейөкмөт уюмдарынын күчү менен соода түйүндөрүндө 18 жашка чейинки өспүрүмдөргө тамеки, арак сатууга тыюу салынган шаардык кеңештин чечимине, ушундай эле маанидеги жазуулардын дүкөндөрдө илингенине карабай, учурда өспүрүмдөргө ичимдиктер мурдагыдай эле сатылууда.

XS
SM
MD
LG