Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:40

Ф. Куловду бошотуу боюнча акция өткөрүлөт


БИШКЕК. 15-апрелде Бишкекте «Арнамыс» партиясынын учурда камакта отурган төрагасы Феликс Куловду бошотуу талабы менен митинг өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн Куловду коргоо боюнча коомдук штаптан маалымыдашты. Аталган штапка бир катар укук коргоочу жана бейөкмөт уюмдар кирет. Алар Феликс Кулов мыйзамсыз камакка алынган деп эсептешет жана нааразылык акция учурунда бийликтен Куловдун бошотулушун талап кылышмакчы. Буга чейин «Атуулдук коом коорупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун демилгеси менен Феликс Куловдун сот иши боюнча коомдук талкуу уюштурулган. Ага катышкан айрым саясий партиялар менен бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү да Кулов мыйзамсыз камакка алынгандыгын белгилеп, аны чыгарууну талап кылышкан.

Феликс Кулов 2001-жылдын январынан бери камакта.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG