Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:14

Пенсия көбөйөт


БИШКЕК. 1-апрелден баштап пенсия көбөйөт. 400 сом өлчөмүндөгү пенсияга 15%, 401 сомдон 600 сомго чейинкисине 12%, 701 сомдон 800 сомго чейинки пенсияга 8% кошулат. Бул тууралуу бүгүн Социалдык кордун төрагасы Акматбек Келдибеков маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, пенсияга кошумча каражаттар жетиштүү, пенсия төлөмдөрүн кечиктирбей берүүгө шарт бар.

“Пенсия менен камсыздандыруу бөлүгүн көбөйтүү” тууралуу жарлыкка президент 29-мартта кол койгон. Учурда Кыргызстанда 511 миң пенсионер бар. 1999-жылы пенсиянын орточо өлчөмү 247 сомду түзсө, 1-апрелден баштап пенсиянын орточо өлчөмү 719 сом.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG