Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:45

Европа Биримдиги программасынын Бишкекте кеңсеси ачылды


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Европа Биримдигинин программасынын чегараларды жөндөөгө көмөк көрсөтүү (BOMCA) жана маңзаттарды таркатуунун алдын алуу (СADAP) кызматынын кеңсеси ачылды. Кеңсенин ачылышына Борбор Азиянын жана Европалык комиссиянын чегара жана маңзаттар боюнча адистери катышты. Европа биримдигинин программасынын негизги максаты - Борборазия аймагында юридикалык жардам көрсөтүп, маңзаттарга көзөмөл жүргүзүү жана чегараларды техникалык жактан жабдып, чегара кызматкерлерин окутууну көздөйт.

Эларалык уюмдун билдиргенине караганда, үстүбүздөгү жылдын май айынан баштап Борборазия аймагында Европа Кеңешинин 34 долбоору боюнча иш-чаралар башталат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG