Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:59

Террорист деп айыпталгандардын соту уланды


БИШКЕК. «Ганси» авиабазасын жардырууга даярдык көрүшкөн деп айыпталган төрт атуулдун соту бүгүн улантылды. Анын жүрүшүндө айыпталып жаткандардын жана алардын адвокаттарынын өтүнүчү боюнча чакырылган Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу камагынын дарыгери Элмира Орозбаева көрсөтмө берди. Буга чейин айыпталуучулар улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу абагында отурган мезгилде аларды бул мекеменин оперативдүү бөлүмүнүн кызматкерлери кыйнап, уруп-сабаганын билдиришкен.

Бүгүн көрсөтмө берген дарыгер Элмира Орозбаева жабырлануучулардын мындай дооматтарын четке какты. Айыпталуучулар дарыгер туура эмес көрсөтмө бергендигине нааразылык билдиришти. Натыйжада адвокаттар айыпталуучуларды республикалык диагностика борборунда көз карандысыз соттук-медициналык текшерүүдөн өткөрүүнү сунушташты. Бирок судья мындай сунушту негизсиз деп билдирди.

Сот жараяны 6-апрелде уланат.

XS
SM
MD
LG