Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:40
БИШКЕК. Бүгүн президент Аскар Акаев Жогорку Кеңештин эки палатасы катышкан жыйында “Мыйзам чыгаруу ишиндеги биринчи кезектеги милдеттер” жөнүндө кайрылуу жасады. Кайрылууда өлкө башчысы өкмөт тарабынан мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу кечеңдетилип жатканын белгилди. Жогорку Кеңеш тарабынан мыйзамдарды кабыл алуу ыкчам жана сапаттуу камсыздалбаганын, палатанын мыйзам чыгаруу кубатынын чабалдыгын жана комитеттер жеткиликтүү иштебей жаткандыгын айтты. Мамлекет башчысынын айтымында, өткөн жылдары Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынбаган мыйзамдар олуттуу проблемаларга айланууда жана өкмөт тарабынан сунуш кылынган мыйзам долбоорунун бир нечеси али күнгө чейин каралбай келүүдө.

- 2002-жылы кыргыз өкмөтү киргизген жана кайра чакыртпаган 233 мыйзам долбоорунун ичинен 72и алиге чейин карала элек. Өткөн жылы кырдаал мындан да начар болчу. 193 өкмөттүк мыйзам долбоорунун ичинен 99у, башкача айтканда жарымынан көбү каралбай калды, - деди Аскар Акаев.

Президент мыйзамдардын жоктугу экономиканы жана башка тармактарды өнүктүрүүгө кедерги болуп, терс таасирин тийгизүүдө деди. Ошондой эле мамлекет башчысы мындан үч жыл мурда түзүлгөн мамлекеттик органдардын мыйзам чыгаруу ишин координациялоо боюнча консультативдик кеңеш кийинки мезгилде ишин солгундатып жибергендигин айтты. Президент катышкан Жогорку Кеңештин эки палатасынын жыйынында жаңы шайланган министрлер ант беришти. Ал эми оппозициялык маанайдагы айрым депутаттар бул жыйынга катышкан жок.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG