Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:57

Кипрди бириктирүү боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатат


Швейцариянын Бюргенсток курортунда Кипрди бириктирүү боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатат. БУУнун сүрөөнчүлүгү астындагы сүйлөшүүлөргө аралдын грек жана түрк жамааттарынын жетекчилеринен тышкары Түркия менен Грекиянын өкмөт башчылары да катышып жатат. Кечээ кечинде түрк жана грек премьерлери жолугушуу өткөрүп, талаштуу маселелерди дагы бир ирет талкуулашты. Пикир келишпестиктерди жоюуу үчүн БУУ берген мөөнөт эртең соңуна чыгат.

Бул сүйлөшүүлөр жыйынтыксыз аяктаса, БУУнун баш катчысы Кофи Аннан Кипрди бириктирүү маселесин референдумга алып чыгышы ыктымал. Андай болгондо, 20-апрелде аралдын грек жана түрк жамааттары БУУ даярдаган план боюнча добуш беришет. Документ жактырылбай калса, Кипр 1-майда евробиримдикке кабыл алынат, бирок биримдиктин эрежелери эларалык коомчулук тарабынан таанылган аралдын грек бөлүгүндө гана мыйзамдуу күчкө ээ болот.

XS
SM
MD
LG