Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:18

Багдадда америкалык жоокерлер бараткан машина жардырылып, беш аскер окко учту


Армиянын басма сөз өкүлү кырсык Анбар провинциясында болгонун айтышты. Ушул эле күнү Фаллужа шаарында белгисиз куралчан топ көчөдө кетип бараткан машинаны аткылоого алган. Жергиликтүү полиция эки киши, болжолу менен чет элдиктер набыт болду деп маалымдады.

Багдаддын түндүгүндөгү Бакуба калаасында болсо автоунаага коюлган бомбанын жарылуусунан кеминде алты киши жаракат алды. Бомба өкмөттүк конвой өтүп бараткан кезде жардырылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG