Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:32

ПРЕЗИДЕНТ ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИ СЫНДАДЫ, БИРОК ДЕПУТАТТАР АГА МАКУЛ ЭМЕС


Кыяс Молдокасымов, Бишкек 31-мартта президент Аскар Акаев Жогорку Кеңештин кош палатасына кайрылуусу менен чыкты. Негизинен кайрылууда мамлекет башчысы Мыйзам чыгаруу жыйынынын ишмердигине карата сын пикирлерин айтты. Президент өлкөдөгү экономикалык жана башка маселелердин чечилбей жатышына зарыл мыйзамдардын кабыл алынбай жатканы себеп болуп жатат деп түшүндүрдү. Мамлекет башчысынын мындай пикирин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары ар кандай кабыл алышууда.

Президенттин кайрылуусунда козголгон айрым орчун маселелердин тегерегинде бүгүн Бишкектеги студиябызда айрым депутаттар менен тегерек үстөл четинде талкуу өткөрүлдү.
XS
SM
MD
LG