Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:39

КОФИ АННАН БУУнун КООПСУЗДУК БОЮНЧА АЙРЫМ АДИСТЕРИН КЫЗМАТТАН КЕТҮҮГӨ ЧАКЫРДЫ


Улуттар Уюмунун башкы катчысы Кофи Аннан өзү жетектеген мекеменин мартабалуу айрым кызматкерлерин өз ыктыяры менен кызматтан кетүүгө чакырды. Ал бу кадамга бейтарап комиссиянын иликтөөсү жарыялангандан кийин барды. Бу докладда уюмдун коопсуздук ишине жооптуу жетекчилери Ирактагы калабалуу кырдаалга жетерлик көңүл бурушпады, эгерде тийиштүү коопсуздук чаралары маалкатпай көрүлсө, көпчүлүк кызматкерлердин өмүрүн сактап калууга болоору баса көрсөтүлөт

Былтыр 19-августа уюмдун Багдаддагы кеңсесине жасалган чабуулда 22 адам, анын ичинде уюмдун Ирактагы элчиси Сержио Вьера де Мелло каза таап, 150дөн ашуун адам жарадар болгон.

Үстүбүздөгү жуманын алгачкы күнү атайын комиссия жарыялаган доклад уюмдун Багдаддагы кеңсесинин коопсуздугун камсыздоого кетирилген кемчиликтерди келечекте да кайталабоо үчүн, эларалык мекемени коопсуздук иштерин реформалоого чакырды. Уюмдун Коопсуздук иштери боюнча координатору Тун Мият, жер-жерлердеги соопкерчилик иштердин жетекчилеринин башчысы Рамиро Лопес да Сильва жана Багдадда иштеген коопсуздук кызматынын адистер тобу тийиштүү чараларды кабыл албастан, камырабастык кылды деп күнөөлөнөт бу докладда.

Бейтарап комиссиянын башчысы Жеральд Уолзердин айтышынча, былтыр жайда Ирактагы соопчулук уюмдарына тез-тез кол салынып турганына карабастан, жетекчи-менеджерлер ага этибар беришкен эмес:

-Эл аралык уюмдардын кампаларына куралдуу кол салуулар болуп, Эларалык миграция агенттиги өз кызматкерлерин жоготкон. Кызыл Крестин кызматчыларына чабуул жасалган. Бирок Улуттар Уюмунун менеджерлери ар убак өздөрүн башка нерселер менен жооткотуп, Улуттар Уюму коркунуч астында эмес деп камырабай жүрө беришкен.

Өткөн жылы башка бир комиссия да БУУнун коопсуздук кызматынын жетекчилерин ишиндеги мүчүлүштүктөр үчүн өтө катуу сындаган. Ошондон кийин, БУУнун кызматкерлери Иорданиядан Иракка кайтып барган 1-майдан тартып 19-августта уюмдун Багдаддагы кеңсесине чабуул жасалганга чейинки аралыкта коопсуздук жаатында кетирилген катачылыктарды териштирүү үчүн Жеральд Уолзер башындагы жаңы комиссия түзүлгөн эле.

Баш катчы Кофи Аннан доклад колго тийер замат Тун Мияттын кызматтан бошонуусун өтүндү. Ал эми Рамиро Лопес да Сильваны Римге анчалык маанилүү эмес кызматка которду. Аннан өзүнүн орун басары Луиз Фречетт айымга анын ишине “канааттанбаганын” билдиргенде, уюмдун кызматкерлерин Иракка кайра киргизүү ишин жетектеген Фречетт айым шыр эле өзүн “кызмат ордунан бошотуп” коюну сурады. Аннан кемчиликти “жеке сиз эмес, көпчүлүк кетирди” деп, Луиз айымдын өтүнүчүн канааттандырбады.

Аннан ошондой эле мекеменин Багаддагы эки жооптуу кызматкерине жаза колдонууну буйруду. Алар айнекке бомба тийген кезде, сыныктарды чачыратпоочу желим пленкаларды терезелерге орнотууну кийинкиге калтырып жүрө беришкен кызматкерлер иорданиялык Булоз Агажанян менен гамбиялык Па Момоду Синиян. 19-августа көпчүлүк кызматкерлерге айнектин сыныктары тийип, жараат алышкан.

Азыр Иракта Улуттар Уюмунун 600дөн ашуун кызматкери бар. Алардын теңинен көбү Багдадда жайгашкан. Буга кошумча келерки жылы болчу жалпы элдик шайлоону уюштурууга көмөктөшүү үчүн Улуттар Уюмунун шайлоо миссиясы да келген. 30-июнда АКШ башындагы коалициялык күчтөрдөн бийликти
ирактыктарга өткөрүп берүүгө жардамдашуу максатында Багдадга эларалык дагы бир топ аттанууда.

Коалициялык күчтөргө жана алар менен кызматташкан ирактыктарга күн сайын кол салуулар болуп тургандыктан, Улуттар Уюму Ирактагы кызматкерлеринин коопсуздугу үчүн өтө кыжаалат. Андыктан, бардык миссияларды коргоо иштерине кылдат көңүл бурулууда дейт уюмдун өкүлү Фред Экхард:

-Багдаддагы башкеңседе дүйнөдөгү коопсуздук жагдайы өзгөргөнүн жакшы түшүнүшөт. Биздин кызматкерлерге же мекемелерге дүйнөнүн дээрлик бардык жеринде коркунуч болушу мүмкүн. Ошон үчүн кошумча дагы коопсуздук чаралары көрүлдү.
XS
SM
MD
LG