Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:54

ӨЗБЕКСТАНДАГЫ ОКУЯЛАР КЫЗЫЛ КАМЧЫ САЯСАТТЫН КАСКАГЫБЫ?..


Кубат Оторбаев, Прага Баш кеңсеси Кошмо Штаттарда жайгашкан “Хьюман райтс вотч” уюму Өзбекстандагы соңку окуяларга удаа эле бул өлкөгө арналган атайын докладын жарыялады. Адам укуктарын коргоочу бул уюмдун көз-карашында, Өзбекстандагы кандуу кагылышуулар жана жардыруулар өзбек бийлиги тарабынан жүргүзүлүп келген кызыл камчы саясаттын каскагы болду.

“Хьюман райтс вотч” доклады Өзбекстандагы беш жылдык иликтөөлөрдөн кийин, 200дөн ашуун маектешип-сырдашууларга негизделип жазылган.

Уюм өз докладында Ташкендеги жана Бухарадагы кандуу кагылышуулардын жана жардыруулардын эмне себептен келип чыкканына өз баасын берди. “Хьюман райтс вотчтун” көз-карашында өзбек жетекчилиги 1991-жылдан бери камчысынан кан тамган авторитардык бийлик жүргүзүп келди. Өзгөчө президент Ислам Каримов башында турган жетекчиликтин каарына ваххабисттер, “хизб утчулар” калды, аларга кошулуп миңдеген бейкүнөө адамдар да камакка алынып, ак жеринен күйүп кетишти. Абакта жаткан ал мусулмандардын көпчүлүгү мамлекеттин катуу көзөмөлүндөгү мечиттер жүргүзгөн саясатка кошулбаганы үчүн гана жек көрүндү болуп, акыры темир торго салынышкан.

Өзбекстан бийлиги акыркы күндөрдөгү 42 адамдын өмүрүн алган кандуу окуяларга эларалык террордук уюмдар менен кызматташкан ислам радикалдары күнөөлүү деген билдирүү жасаганга ашыкты.

“Хьюман райтс вотчтун” талдоочуларынын пикиринде кандуу калаба карапайым элдин колунан келди деп айтыш кыйын. Бирок ошол эле маалда куралчан топтордун бутасына милиция алынганы да ойлондура турган факт дейт “Хьюман райтс вотчтун” эксперти Акайша Шильдс айым:

- Азыр биз ишенимдүүлүк менен айта ала турган нерсе - Өзбекстанда милициядан запкы чеккен адамдар өтө көп. Ошондон улам көп адамдар милицияга нааразы болуп, аны жининдей көрөт.

Акайша Шильдс айымдын айтымында, 1999-жылдагы Ташкендеги жардыруулардан кийин диний негизде камакка алынгандардын саны аябай көбөйдү. Болгондо да алардын көбү кол салуу, кордук-зомбулук деген дегеле оюнда жок, момун мусулмандар. Акайша Шильдс айым өзбек бийлиги түрмөгө ак жеринен отургузулгандардын айыбын да далилдей алган жок, ошого карабай алар караңгы жертөлөлөрдө камалып жатышат дейт. Өзбек бийлиги мындай кызыл камчы саясатын токтото турган түрү жок.

Адам укуктарын коргоочу Хельсинки эларалык федерациясынын директору Аарон Родес президент И.Каримовдун мындай башкаруусу бийлик менен элдин ажырымын күчөттү, бул болсо – экстремисттик топтордун чырагына май тамызган шарт түзөт дейт:

- Элдин көбү Өзбек бийлигине чоочун болуп баратат. Ортодогу жарака чоңойо берсе – карапайым калк арасында террорчуларга жан тарткандар да арбый берет. Бул болсо Өзбекстандын коопсуздугуна коркунуч келтире турган жагдайды түзөт. Эл аралык коомчулуктун коопсуздугу үчүн да мындай саясат жаңы түйшүктөрдү жаратат.

Хельсинки эларалык федерациясы 30-мартта Өзбекстандын бийлигине кезектеги кайрылуусун жолдоду. Бул ирет дагы уюм ырасмий Ташкенди адам укуктарынын негизги принциптерин сактоого чакырды.

Акыркы маалыматтар боюнча, өзбек бийликтери өлөдөгү соңку окуяларга байланыштуу 40ка жакын адамды камады.

XS
SM
MD
LG