Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:28

ӨЛКӨНҮН МААЛЫМАТ КООПСУЗДУГУ ОПУРТАЛДУУ АБАЛДАБЫ?...


Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны 1-апрелде «Кыргызстандын маалымат коопсуздугунун абалы жана аны камсыз кылуу чаралары» жөнүндө маселени кароону аяктады. Шейшембиден бери жабык эшик артында каралып жаткан маселе боюнча токтом кабыл алынып, анда өкмөттүн маалымат коопсуздугун камсыз кылуу саясаты канааттандырарлык эмес деп бааланды.

Эл өкүлдөр жыйыны бул маселени кароого көптөн бери даярданган. Аны күн тартибине киргизген жаштар, спорт, туризм жана массалык маалымат каражаттары комитетинин билдирүүсү боюнча, ага Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарынын ички жана тышкы коркунучка кептелип турганы түрткү берди. Ал тууралуу комитеттин төрагасы Болот Шерниязов мындай дейт:

- Азыр дүйнөдөгү эң негизги коркунуч бул-маалымат коопсуздугу болуп калды. Биз өзүбүздүн маалымат мекйиндигибизди сактай албай жатабыз. Мына түштүк аймагыбыздын маалымат мейкиндигинин 90 проценттин коңшулар ээлеп жатат. Кыргызстандын ичинде 153 миң эл кыргыз телекөрсөтүүсүн көрбөйт. Алар Кыргызстандагы саясат менен иши жок. Аларга телекөрсөтүүлөр жетпейт. Аны кандай чечүүгө болот?

Маалымат коопсуздугу улуттук кызыкчылыктардын корголушу менен мүнөздөлгөндүктөн палата бул маселени жабык эшик артында карап, коопсуздукту камсыз кылууга тийешеси бар бардык тармак өкүлдөрүнүн маалыматын укту. Анын негизинде 6 пункттан турган токтом кабыл алды. Анда мамлекеттин маалымат коопсуздугун камсыз кылууда, улуттук бирдиктүү маалымат мейкиндигин түзүп, аны коргоо, ички жана тышкы маалымат коркунучунун алдын-алуу боюнча максаттуу, узак жана кыска мөөнөттүү чараларды көрүүдө өкмөттүн иши канааттандырарлык эмес деп бааланды.

Андан тышкары өкмөт алдына маалымат коопсуздугуна коркунуч туудурган кырдаалды баалоо, болжолдоо жана ага каршы күрөш жүргүзүү боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана маалымат коопсуздугу тууралуу концепцияны тезинен даярдоо милдети алдыга коюлду. Ошондой эле өкмөт улуттук бирдиктүү маалымат мейкиндигин калыптандырууга, массалык маалымат каражаттарын өнүктүрүп, дүйнөлүк маалымат мейкиндигине кошулуу аракетин көрүүгө милдеттендирилди. Токтом боюнча Кыргызстандын бийлиги КМШдагы мамлекеттер менен маалымат куралын иштеп чыгуу, жайылтуу жана аны колдонууга тыюу салуу тууралуу макулдашууларды түзүүгө тийиш.

Эл өкүлдөр жыйыны топтогон маалымат боюнча, Кыргызстандын маалымат коопсуздугун коргоого 20дан ашык мыйзамдар негиз берет. Бирок алардын көбү бири-бирине карама-каршы келгендиктен көзөмөлдү күчөтүүгө жол бербейт. Ушундан улам маалымат коопсуздугун камсыз кылуудагы негизги тармак-массалык маалымат каражаттарынын продукциясы менен өлкөнүн бардык аймагы камтылбайт.

Кыргызстанда ырасмий каттоодон өткөн 824 массалык маалымат каражаты бар. Анын 128и радио жана телевизиондук каражаттары болгону менен анын көбү көрсөтүүлөрүн Бишкекте жана ири шаарларда гана көрсөтүшөт. Анан калса алардын көрсөтүүлөрүнүн 85-90 процентин орусиялык телеканалдардын программалары түзөт.

Өлкөнүн түштүк аймагында кырдаал андан начар. Маселен, Ош, Жалалабад облустарынын калкынын көбү Өзбекстандын республикалык эки, областтык бир телеканалынын гана көрсөтүүлөрүн көрүшүп, радиосун угушат. Алардын бир суткадагы көрсөтүүлөрүнүн жалпы көлөмү 50-60 саатты түзөт. Эсептей келгенде Өзбекстандын берүүлөрү Кыргызстандын түштүк аймагынын 90 процентин ээлеп калган. Кыргызстандын калкынын 60 проценти түштүктө жашаарын эске алганда бул маалымат коопсуздугу жагынан көйгөйдү жарата баштаган.

Ушундан улам палата Транспорт жана байланыш министринин маалыматын угуп, улуттук телекөрсөтүүлөр өлкө аймагын камтыгандай чара көрүү зарылдыгын белгилешти. Депутат Болот Шерниязовдун айтымында, техникалык жабдууну жакшыртуу, радиожыштыктарды бөлүштүрүү маселеси каралганда байланыш тармак өкүлдөрү каражаттын жетишсиздиги башкы көйгөй экендигин баса белгилешти. Палатанын депутаты Жаныш Рустембековдун билдирүүсү боюнча, «Кыргызтелеком» тутумуна кирген Байланыш министрлик өкүлдөрүнүн каражат жок дегени кадимки шылтоо:

- Мен буга макул эмесмин. Себеби бул тармак эң кирешелүү тармак. Булардын каражаты тууралуу эч ким билбейт. Жадагалса Н.Танаев да, каржы министри да билбейт. Булар ишкананы акционердик коомдорго айландырып алышып, өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын биринчи орунга коюп жатат. Анан бирдеме болсо эле акча жетпейт дешет. Кантип акча жетпейт? Алар ички резервди жакшылап сактап, жең ичинен жебей жана ары-бер жакка коротпой пайдаланышса «Кыргызтелекомду» бутуна тургузганга өз мүмкүнчүлүгү жетет,- дейт Ж.Рустембеков.
XS
SM
MD
LG