КАРАКОЛ. 1-апрелде Ысыккөл облусунун Жетиөгүз районундагы Тосор айылынын тургундары облус губернатору Токон Шайлиевага кайрылуу жолдошту. Кайрылуу ээлеринин билдирген маалыматына караганда, Жетиөгүз, Тоң райондорунда жеке менчик бодо малды уурдоо акыркы 2-3 жылдан бери өзгөчө күч алды. Маселен, Тосор айылынын тургуну Шамши Алиевдин айтымында анын 3 жылкысы ууруларга жем болду. Эки айдын ичинде эле аталган айылдан 8 баш бодо мал уурдалды. Ууруларды табуу кыйын, себеби райондук ички иштер бөлүмүндө учур талап кылган техникалык каражат дээрлик жок, тартип коргоо органдарынын кызматкерлери көбүнчө жөө жалаңдап жүрүшөт деген пикирлерин билдирүү менен кайрылуу ээлери облус жетекчисинен уюшкан ууруларды табуу ишин колго алуу талабын коюшту. Ал эми облустук ички иштер башкармалыгынан алынган маалымат боюнча мал уурулук Аксуу, Түп райондорунда да кескин өсүүдө.