Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:26

МАИ кызматкерлери тартипке чакырылат


БИШКЕК. Облустук жана Бишкек, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилеринин “Мамлекеттик автоинспекциясына башка милиция кызматкерлеринин убактылуу кызмат өтөөгө жиберүүсү” тууралуу буйругу жокко чыгарылды. Штаттан тышкаркы кызматкерлерге берилген МАИнин төш белгилери 15-апрелге чейин ички иштер министрлигине тапшырылат. Бул тууралуу бүгүн ички иштер министри Бакирдин Субанбеков, МАИ кызматынын жетекчилеринин жыйынында билдирди. Министрдин айтымында, түшүм маалында карапайым элдин айыл-чарба азыктарын тарткан унааларын МАИ кызматкерлери тосуп алып мыйзамсыз акча алууга барган фактылары кездешкен. Ошондой эле МАИнин текшерүү бекеттери кыскартылып, МАИ кызматкерлеринин атайын белгиленбеген жерден башка аймакта автоунааларды тосуусуна чек коюлган.

XS
SM
MD
LG