Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:03

“Алга, Кыргызстан” партиясынын аракеттерине бир жактуу баа жок


БИШКЕК. «Алга, Кыргызстан» партиясы «Ден-соолугу чың улут - күчтүү Кыргызстан» аттуу долбоорун ишке ашыра баштады. Бул долбоордун алкагында ар кандай адистиктеги дарыгерлер тобу түзүлүп, өлкөнүн алыскы райондорундагы айыл-кыштарктардын тургундарынын ден-соолугун комплекстүү текшерүүдөн өткөрмөкчү. Буга чейин педиатр, окулист, эндокринолог, терапевт жана башка оорулар боюнча адистештирилген дарыгерлердин тобу Чүй облусуна караштуу Кемин районунун Ильич, Жаны жол, Калмакашуу, Бейшеке жана Тарсуу айылдарынын 1000ден ашуун тургундарынын саламаттыгын текшерүү иштерин жүргүзүштү. 10-апрелден тарта мындай иш-чаралар Баткен обулусунун алыскы айыл-кыштарында, андан соң Ош жана Нарын облустарында жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн «Алга Кыргызстан» партиясынан маалымдашты.

«Элет» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Ташюболот Балтабаевдин пикиринде, эгерде партиянын каражаты жетиштүү болсо жер-жерлерде мындай иш-чараларды уюштуруу үчүн саламаттык сактоо министрлигине көмөк көсөтүүсү туура болоор эле. «Эркин Кыргызстан» партиясынын төрагасы Бектур Асанов «Алга, Кыргызстан» партиясы мындай иш-чараларды бир гана максатта, тактап айтканда, алдыдагы шайлоолордо көбүрөөк добуш алуу үчүн жүргүзүп жатышат.

XS
SM
MD
LG