Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:12

Депутаттар президенттин кайрылуусу боюнча жыйын өткөрүштү


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу палатасынын комитет жетекчилери президент Аскар Акаевдин парламентке болгон кайрылуусуна байланыштуу жыйын өттү. Анда депутаттар өлкө башчысы тарабынан парламенттин ишмердүүлүгүнө карата айтылган сын-пикирлери боюнча жеке көз караштарын билдиришти. Айрым комитет башчылары президенттин сыны негиздүү деген ойлорун айтышса, айрымдары Аскар Акаев парламенттин ишмердүлүгүнө эмес, азыркы оор экономикалык абал, жазгы-талаа иштеринин абалы боюнча өзүнүн кайрылуусун жолдогону оң болоор эле деген пикирлерин ортого салышты. Депутаттар президент тарабынан тез арада кабыл алынышы керек деп белгиленген мыйзам долбоорлорун палатанын апрель айындагы күн тартибине киргизүүнү сунушташты. Ал эми жыйындын сот-укук маселелери жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин төрагасы Азимбек Бекназаров мыйзам чыгаруу, кабыл алуу жараяны бир гана парламенттин эмес, мамлекеттин башка органдарынын да ишмердүүлүгүнө байланыштуу болгондугунан, бул маселе боюнча атайын отурум өткөрүүнү сунуш кылды.

XS
SM
MD
LG