Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:10

АКШ Сербияга берчү жардамын токтотуп койду


ВАШИНГТОН. АКШ өзүнүн Сербияга жөнөткөнү жаткан 26 млн. доллардай жардамын токтотуп койду. АКШнын бийликтери муну Сербия мамлекети геноцид уюштурду деп айыпталган адамдарды Гаага трибуналына өткөрүп бербегендигине байланыштуу жасашкандыктарын билдирип жатышат. АКШнын мамлекеттик департаменттин өкүлү Адам Эрели мурда токтотулуп коюлган Косового жана Черногорияга арналган жардам жөнөтүлө тургандыгын билдирди:

- Аймактардагы демократияны алга жылдыруу үчүн Косового жана Черногорияга берилчү жардам кайра жандырылмакчы, - деди Эрели.

Эрели Сербия бийликтерин геноцид жасады деп шектелгендерди, өзгөчө Босниядагы серб армиясынын башчысы Ратко Младикти согуш трибуналына өткөрүп берүүгө чакырды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG