Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:50

Иракта АКШ аскерлери мыкаачылык менен өлтүрүлдү


ФАЛЛУЖА. АКШнын Ирактагы аскер жетекчилигинин маалымдашынча, кечээ Фаллужада америкалык 5 аскер өлгөн. Алар машине менен баратканда жол жээгинен ок аткылган. Бүгүн да АКШнын аскерлери машине менен баратканда граната ыргытылып, мылтык менен аткылоо болуп, америкалык 4 аскер каза болду. Согушчандар мыкаачылык кылышып, өлгөн адамдардын денесин жипке байлап, машине менен сүйрөтүшкөнү айтылууда.

АКШнын Ирактагы куралдуу күчтөрү март айынын ичинде бери эле дегенде 48 америкалык аскер өлгөнүн билдиришүүдө. Алар бул жылдын март айы өткөн жылдын ноябрынан кийинки эле кандуу ай болгонун айтышат. Ал ноябрда 82 америкалык аскер каза тапкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG