Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:11

Донорлордун Ооганстанды калыбына келтирүүнү талкуулаган конференциясы аяктады


БЕРЛИН. Бүгүн Германиянын борборунда Ооганстанды калыбына келтирүү тууралуу эки күндүк эларалык конференция өз ишин аяктады. Ооганстандын жооптуу адамдары жыйындын акырында өзүнүн кошуналары Иран, Кытай, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан менен маңзаттарды мыйзамсыз ташууга каршы келишимге кол койду. Ооганстандын президенти Хамид Карзай эларалык коомчулуктуктун жардамысыз өлкө жеке күчү менен апийим өндүрүүчүлөр менен күрөшө албасын билдирди. Карзай баңгизат өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудуруп жатканын, эл аны менен шугулданбас үчүн эларалык коомчулуктун жардамы менен өкмөт адамдарга киреше табуунун башка булактарын таап бериши зарыл экендигин айтты.

Кечээ донорлор бул өлкөнүн экономикасын калыбына келтирүү иштерине 8 млрд. 200 млн. доллар бөлүшөөрүн маалымдашкан. Хамид Карзай донорлордун жыйыны аяктагандан кийин анын жыйынтыгы “мени абдан канааттандырды” деп билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG