Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:04

Каражичти колго түшүрүү операциясы натыйжасыз аяктады


ПАЛЕ. Түндө НАТОнун тынчтык орнотуучу күчтөрү Босниядагы Пале шаарында босниялык сербдердин лидери Радован Каражичти колго түшүрүү боюнча операция өткөрүштү. Маалыматтарга караганда, Каражич өзүнүн Паледеги үйүнө келет деген кабар түшүп, алар таңга маал үйдү курчоого алышкан. Окуяга күбө болгондордун айтымында, ок атуулар жана жардыруулар болгон. Андан эки адам жараат алган. Бирок НАТОнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн өкүлү капитан Дэйв Салливандын айтымында, алар Радован Каражичти колго түшүрө алган эмес.

Радован Каражич “1995-жылы 8 миң мусулманды кырып өлтүргөн” деп айыпталып, Гаага трибуналы тарабынан ага издөө жарыяланган. Быйыл январда да ушундай эле операция өткөрүлүп, ал да натыйжасыз аяктаган болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG