Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:10

Өзбекстандык террорчу өзүн өзү жардырып өлдү


ТАШКЕН. Өзбекстандын укук коргоо органдары кечээ шектүү деп курчоого алынган адам өзүн өзү жардырып өлгөнүн билдиришти. Алар “бул шектүү адам бөлөк адамдарды барымтага алды” деген маалыматты төгүндөштү:

- Ал жалгыз болчу. Барымтада эч ким болгон эмес. Операциянын көпкө созулушу - биз ал жерде бомба, мина жана башка нерселер бар экендигин текшеришибиз керек болчу. Азыр анын кошуналары өз үйлөрүнө кайтып келишти, - деди милициянын атын атоону каалабаган кызматкери “Азаттыктын” кабарчысына.

Өзбекстандын ички иштер министрлигинин террорчулукка каршы күрөш бөлүмүнүн жетекчиси Илья Пегай террорчулукка катышы бар деп шектелген адамдарды кармоо улантылып жаткандыгын билдирди. Такталбаган маалыматтарга караганда, өзбек бийликтери шектүү деп 30га жакын адамды камоого алышты. Пегайдын айтымында, ошону менен бирге шейшембиде террорчулар колдуу болуп каза тапкан 20 адамдын өзбек атуулдары же чет өлкөлүктөр экендиги аныкталып жатат.

“Франс-пресс” агенттигинин билдиришинче, түрмөдө отурган укук коргоочулардын айрымдары бул окуя жөнөкөй мусулмандарды куугунтукка алууга себеп болорунан чочуп жатышкандыктарын билдиришкен. Алар өзбек бийликтери эми алардын туугандарын да душман тутуп, куугунтукка алат деп коркушат.

Дүйшөмбүдө башталган жардыруулардан жана кагылышуудан 43 адам өлдү. Аны ким уюштурганы тууралуу так маалымат жок. Өзбек бийликтери гана бул жардырууларды ислам согушчандары уюштуруп жатат деп жатышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG