Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:41

БОРБОР АЗИЯДАГЫ АМЕРИКА САЯСАТЫ СЫНГА АЛЫНУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Лондон шаарынан чыккан "Файнэншл таймс" гезити 1-апрелдеги санында Америка Кошмо Штаттарынын Борбор Азияда жүргүзүп жаткан саясатын катуу сынга алды. Гезиттеги макаланын авторунун пикиринде, Өзбекстандын жабык мамлекет бойдон калып жатканына АКШ жетекчилиги дагы салым кошту жана мындай авторитардык өлкөдө эртеби-кечпи элдик толкундоолор сөзсүз болмок.

Макаланын автору Квентин Пиилдин айтымында, Өзбекстандагыдай жабык коомду дүйнөдө табуу кыйын. Анын экономикасы советтик доордогудай жабык, саясий системасы болсо СССРдикинен да ашып түшүп, өлкө азыр катаал диктатурага баткан. Анысы аз келгенсип, Өзбекстан өзүнүн чегараларын жаап салгандыктан, кошуна мамлекеттер менен болгон соода-сатык да зыянга учураган.

Исламдык терроризмден корккон бийлик азыр беш миңге жакын адамды абактарда кармайт жана адам укуктарын коргогон уюмдардын пикиринде, алардын көпчүлүгү саясий же абийир туткундары. Мындай катаал саясаттын жыйынтыгында акыр-аягында элдик толкундоо сөзсүз болмок.

Ошол эле учурда өзбек бийлиги чет өлкөлүк жардамга да муктаж жана Өзбекстанга Америка Кошмо Штаттары ири жардам көрсөтөт. 2001-жылы болсо эларалык террорчулукка каршы күрөшүү зарылчылыгынан улам АКШ Өзбекстанда өзүнүн аскерий базасын түзгөн жана аны менен эки мамлекет ортосундагы мамилелер бир кыйла чыңдалган. Анткен менен, Квентин Пиилдин айтымында, америкалык колдоо жана жардамдан пайдаланып, өзбек бийлиги өзүнүн катаал саясатын ого бетер күчөттү. Анткени Ташкенге жардам көрсөткөн өлкөлөр жана эларалык уюмдар Өзбекстандагы абалды оңдоо боюнча катуу талап койбой жатат.

Февралда Өзбекстанга АКШ коргоо министри Доналд Рамсфелд келип, террорчулукка каршы күрөштө жардам көрсөткөнү үчүн өзбек бийлигин мактап, эки өлкө ортосундагы кызматташууга жогору баа берген. Анын эртеси АКШнын Мамлекеттик катчылыгы адам укуктары боюнча атайын доклад жарыялап, Өзбекстанда адам укуктарынын бузулушуна кеңири жол ачылгандыгы үчүн расми Ташкенди катуу сынга алды. Бирок Өзбекстанга келген америкалык министир өкмөттү мактап жатса, андай сынга Ташкен, албетте, эч кандай көңүл бурган жок жана өзүнүн мурдагы жүргүзгөн саясатын улантууда. Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнүн жетекчилери дагы ошондой эле абалда жана ошондой эле тактиканы пайдаланууда.

Нью-Йорк шаарында жайгашкан "Хьюман райтс вотч" аттуу адам укуктарын коргогон уюмдун кызматкери Рэйчел Денбердин айтымында, Өзбекстанга келгенинен пайдаланып, министр Рамсфелд адам укуктары менен байланышкан маселелерди козгосо болмок:

- Рамсфелд ал маселелерди козгоп, өзбек бийлигине бир белги берсе жакшы болмок эле, анткен менен биз баары бир Пентагон ал маселеге көңүл буруп, Өзбекстандагы адам укуктарынын абалы тууралуу тынчсызданганын билдирет деп үмүттөнөбүз.

Бирок "Файнэншл таймс" гезитинин жазышынча, Өзбекстанда түзүлгөн абалды оңдоо Пентагондун планында жок. Пиилдин айтымында, АКШ коргоо министрлигинин Борбор Азия өлкөлөрү менен тыкыз кызматташып жатканына үч негизги себеп бар. Биринчиден, эларалык терроризмге каршы күрөшүү. Экинчиден, аймакка болгон Орусиянын таасирин азайтуу. Жана үчүнчүдөн, Борбор Азиядан чыккан мунай жана газ байлыктарын эларалык базарга эркин чыгаруу.

Демократиялык өзгөрүүлөргө жана адам укуктарын коргоого көмөктөшүү АКШ коргоо министрлигинин биринчи максаттарынын катарына кирбейт. Бирок эгер чыныгы демократиялык тартип орноп, адам укуктары сыйланбаса, аталган үч максатка жетүү мүмкүнчүлүгү таптакыр жоюлуп кетиши мүмкүн жана Өзбекстандагы акыркы окуялар ага далил боло алат.
XS
SM
MD
LG