Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:45

ЭЛАРАЛЫК УЮМ КЫРГЫЗСТАНДА ПСИХИКАЛЫК БЕЙТАПТЫН УКУГУ КЕПИЛДЕНИШИН КААЛАЙТ


Бурулкан Турдубек кызы, Прага Кыргызстанда психикалык жактан оорукчандарды дарылоочу мекемелер реформага муктаж. Ушундай өңүттөгү тыянак психикалык оорулуулардын укуктарын коргоо боюнча эларалык борбор Кыргызстанга байланыштуу даярдаган баяндамасында чыгарган. Бул доклад жакында эларалык жана жергиликтүү уюмдарга таратылды. Докладдын расмий бет ачаары 1-апрелде Бишкекте өттү.

Кыргызстан калкынын психикалык саламаттыгын иликтеген укук коргоочу эларалык борбордун баш кеңсеси Будапеш шаарында жайгашкан. Бул бейөкмөт уюм Монголияны, Чыгыш Европаны кошкондо бардык посткоммунисттик өлкөлөрдүн калкынын саламаттыгынын психикалык өңүтүнө байкоо жүргүзүп, жабыркаган адамдардын укугун коргоо, алардын коом менен камыр-жумур жашоосуна көмөктөшүү вазийпасын мойнуна алган.

Уюм Еврокеңеште кеңеш берүүчү макамга ээ жана ал эларалык Хелсинки федерациясы менен тыгыз кызматташат.

Уюмдун Кыргызстан боюнча иликтөө жүргүзүшүнө президенттин алдындагы Эларалык стратегия институтутунун директору, президенттин кеңешчиси Валентин Богатыревдун ырасмий кайрылуусу негиз берген. Президенттин кеңешчиси уюмга калктын психикалык саламаттыгын жана аны кепилдөөчү мыйзамдын жагдайын таразалап берүүнү суранып, былтыр жылдын башында кайрылган.

Өтүнүчкө ылайык былтыр жайда жүргүзүлгөн бул иликтөөгө Кыргызстандан “Психикалык саламаттык жана коом”, “Укук коргоочу жаштар тобу” өңдүү бейөкмөт уюмдары кол кабыш кылышкан. Докладда белгиленгенге караганда, уюм психикалык жактан жабыркагандарды дарылоочу өлкөдөгү ири бейтапканаларга, атап айтканда, Чүй облусунун Чымкоргон, Новопавловка айылдарындагы, Каракол шаарындагы ооруканаларда иликтөө иштерин жүргүзгөн. Изилдөөнүн негизинде адам укугун одоно бузуу фактылары бар деген тыянакка келген.

Маселен, Чымкоргондогу 850 бейтапка ылайыкталган оорукана эскилиги жетип, ураганы турат. Анда 500 чамалаш адам дарыланууда. Иштегендердин саны 300гө жакын. Бул албетте, психикалык оорулууларга түзүлгөн шарттын өтө эле жупунулугунун бир далили. Дарыгерлердин өздөрүнүн айтымында, кол жетпей калганда бир эле адис күндөп-түндөп катар-катары менен иштөөгө аргасыз болот. Ал эми адистердин жетишсиздиги маянанын аздыгы менен түшүндүрүлөт.

Ага жараша бейтаптардын жагдайы оор. Мисалы, аларга депрессияга каршы кадыресе дарылар да берилбейт, мындай дарынын атын укпаган дарыгерлер бар.

Укук коргоочулар жин оорусу ашынып кеткен байлатма бейтаптардын айрымдарын күнү-түнү бир жерге матап, төшөнчү-орончусу жок эле керебетке байлап, дааратканага баруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан учурларды жолуктурушкан. Докладда көрсөтүлгөнгө караганда, оорукананын өзүнүн болсо эскилиги жетип, эмеректери талкаланып, төшөнчү-орунчулары тытылып, электр жарыгы бүлбүлдөп араң күйүп турат. Бейтапка нан менен макарондон башка тамак берилбейт.

Жагдайдын оор экендигин саламаттык сактоо тармагынын өкүлдөрү өздөрү деле ыгы келген жерде айтып жүрүшөт. Маселен, Бишкектеги психикалык-неврологиялык диспансердин башчысы Сүйүнтбек Назаркуловдун айтымында, жакында саламаттык сактоо министрлиги карыздарды өз ара жоюштуруунун эсебинен жети жылдан бери биринчи жолу бейтаптарга жууркан-төшөк алып берди. Аны эске албаганда жагдай жеңил деле эмес:

- Ири мекемелер каржыланбай калды. Майда чыгымдарга, жууркан-төшөк, жыгач-ташка, чарбалык буюмдарга, жууп-тазалоочу жабдыктарга дегеле каражат бөлүнбөйт, - дейт Сүйүнтбек Назаркулов.

Эларалык борбор менен кызматташ уюмдардын бири “Психикалык саламаттык жана коом” бейөкмөт уюмунун башчысы Бурул Макенбаеванын пикиринде, бул багытта дарылоочу мекемелердин негизги проблемасы - алардын өзгөчө борборлошуп алгандыгында.

- Эң башкы проблема психикалык саламаттык кызматтарынын ашкере борборлошуп алгандыгында. Анан дагы бул кызматтардын жабык мекемелерде ыңгайлашкандыгында. Дагы бир негизги проблема – ачык-айкындыктын жоктугу. Көзөмөлдөө механизми жок. Ошондуктан борбордон ажыратуу, башкача айтканда, алардын чакан болушун камсыздоо жана элге жакын жайгаштыруу жагдайдан чыгуунун бир жолу. Ошондуктан саламаттык сактоо тармагына көз карандысыз психикалык саламаттык кызматы түзүлүшү керек. Бул - биздин мыйзамда бар. Бирок аткарылган жери жок.

“Психиатриялык жардам жана атуулдардын укуктук кепилдиктери жөнүндөгү” мыйзам 1999-жылы кабыл алынып, аны көзөмөлгө алуу милдети Башкы прокуратурага жүктөлгөн. Бирок мыйзам кабыл алынгандан бери прокуратура кызматкерлеринин бири да Чымкоргондо жайгашкан ири бейтапканага барган эмес. Мындай көрүнүштү Башкы прокуратуранын жооптуу кызматкери Амир Шагивалиев кызматкерлердин жетишсиздиги менен түшүндүргөн.

Эларалык борбордун докладында узак жылдар бою бейтапканада кармалып турган оорулуулардын арасында акыл-эси соо адамдар да бар экени айтылат. Алардын айрымдары тууган-туушкандары менен болгон чатактын кесепетинен ушул жайга кабылса, кээ бирин жетим балдар үйүнөн жашы өтүп баратканда которушуптур. Укук коргоочулар алардын өздөрү "эптеп бул жерден алып чыгып кеткиле" деген суранычтарын белиглешет.

Бурул Макенбаева доклад Кыргызстандын психикалык дартты дарылоочу мекемелериндеги чыныгы жагдайды көрсөткөнүн айтат. Бирок отчет мекемелердин өздөрүнө оор тийүүдө:

- Башка структуралар деле конструктивдүү көз карашта болуп атышат. Психиатриялык мекемелерде бардыгы жайында эмес экенин саламаттык сактоо министрлиги деле мойнуна алууда. Анткен менен министрликте абалды жакшыртуунун стратегиясы жок болуп атат. Бирок психатриялык мекемелердин өздөрү бул маселени оор кабыл алып жатышат.

Кыргызстандагы психикалык жактан жабыркагандарды дарылоо мекемелерин кыдырып, анын негизинде отчет даярдаган эларалык уюм калктын психологиялык саламаттыгына кам көрүүнү күчөтүү зарыл деп тыянак чыгарып, тиешелүү ырасмий мекемелерге бир катар сунуштарды жолдогон. Алар негизинен бул тармакты эларалык талаптарга ылайык реформалоо багытындагы сунуштар.

Сунуштардын эң негизгилеринин бири катары - “Психиатриялык жардам жана атуулдардын укуктук кепилдиктери жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү киргизүү керектиги белгиленген. Анткени мыйзам психикалык жактан жабыркагандарды дарылоону, алардын башкалар менен камыр-жумур жашоосун кепилдегени менен, ал толуктоо-тактоолорго муктаж.

Уюм мыйзамда күчтөп дарылоону четтетүү, мындай аракеттерди жасагандарды сот жообуна тартуу өңдүү беренелердин болушун каалайт. Уюмдун көз-карашынды, мындай кадамдар бейтаптын укуктарын коргойт.

“Эгер реформанын кызыкчылыгы үчүн мыйзамга түзөтүү зарыл болсо биз ага каршы эмеспиз” дейт Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ташболот Балтабаев. Бирок депутаттын пикирине караганда, “Психиатриялык жардам жана атуулдардын укуктук кепилдиктери жөнүндөгү” мыйзам азыркы турушунда деле өз милдетин аткарууга кудуреттүү:

- Мен бүгүнкү иштеп жаткан мыйзамды демократиянын талаптарына жооп берген мыйзам катары санайм. Ушул мыйзамды эле аткарсак бир канча тепкичке көтөрүлөт элек.
XS
SM
MD
LG