Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:05

Берлиндеги жыйынга катышкандар биргелешкен билдирүү кабыл алышты


Документте донор өлкөлөр Ооганстанды кайра тикелөө ишине үч жыл ичинде сегиз миллиард доллардан ашуун жардам көрсөткөнгө милдеттеништи. Ошондой эле эларалык бейпилдик күчтөрү чыңдалат, регионалдык жаңы беш башкаруу органы түзүлөт. Жергиликтүү лашкербашчылардын отряддарын куралсыздандыруу, маңзаттарынын аткезчилигине каршы күрөшүү иштерине өзгөчө көңүл бурулат. Немец канцлери Герхард Шрөдөр менен бирге пресс-конференцияда сөз сүйлөп, ооган президенти Хамид Карзай Ооганстан донорлорго ишенимдүү өнөк болоруна ишендирип, кеңири колдоо жана тилектештик көрсөткөнү үчүн эларалык коомчулукка ыраазылык билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG