Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:34

ЛИТВАНЫН ПРЕЗИДЕНТИ КЫЗМАТЫНАН АЙРЫЛУУ АЛДЫНДА ТУРАТ


Литванын президенти Роландас Паксас жакынкы күндөрү кызматын жоготчудай. Ушул аптада өлкөнүн Конституциялык соту президент Паксас Башмыйзамды бузган деп тапты. Мындай чечим өз кезегинде президентке импичмент жарыялоо жөнүндөгү маселенин парламентте добушка салынышына жол ачууда. Литванын парламенти аталган маселеге алдыдагы аптада кайрылганы жатат.

Литванын Конституциялык соту президент Роландас Паксас теги орусиялык ишкерге өлкөнүн атуулдугун берип, Башмыйзамды бузган деп тапты. Ал эми парламент президентке каршы импичмент жараянын баштоону быйыл жыл башында эле көпчүлүк добуш менен чечкен болчу. Депутаттар өлкө башчысын кызматынан кыянат пайдаланганы, мыйзам бузганы жана орусиялык мафия менен байланышы бардыгы үчүн айыптоодо.

Чатак былтыр октябрь айында өлкөнүн чалгын кызматы даярдаган отчеттун басма сөзгө жарыяланып кетишинен башталган эле. Анда президент Паксастын өзү жана анын айланасындагы адамдар өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирээри айтылган. Маселен, Паксастын президенттик шайлоо кампаниясына негизги демөөрчү болгон Юрий Борисов аттуу ишкер мыйзамсыз курал соодасы менен алектенээри көргөзүлгөн. Президент Паксас болсо дал ушул Юрий Борисовго мамлекет башчысынын кызматына келгенден кийин Литванын жарандыгын ыйгарып олтурат. Албетте ал өзүнө коюлган айыптарды төгүндөп келүүдө.

Айтор жарым жылдан бери уланып жаткан чатак келээрки аптада аяктачыдай. Литва парламентинин орун басар төрагасы Чесловас Юршенастын билдиргенине караганда, алар президентке импичмент жарыялоо жөнүндөгү маселени дүйшөмбүдөн тартып талкуулай баштайт жана шаршемби же бейшембиге чейин чечим кабыл алышы мүмкүн. Эгер парламенттеги 141 депутаттын 85и импичментти колдосо, президент кызматтан четтетилет. Парламентарийлердин болжолунда, президентке импичмент жарыялоону колдогондор талап кылынгандагыдан да көп болчудай.

Литва парламентинин мурдагы төрагасы Витаутас Ландсбергис Конституциялык соттун чечиминен кийин президент Паксастын бийликте калуусуна жол берилбеш керек деп эсептейт. Анткен мен ал президентке карата анын жашоо–шартты оңдоо жөнүндөгү убадаларына ишенген литвалык шайлоочулардын бир бөлүгүнөн колдоо бар деген ойдо:

- Кээ бир адамдар ага турмушун тез арада эле оңдоп жиберүүчү сыйкырчыдай ишенишет.

Витаутас Ландсбергистин пикиринде, президент Паксастын колдоочулары катары рыноктук реформалардан зыян тарткан адамдарды атоого болот. Андыктан алар президент Паксас кызматтан кеткен күндө да, кайра эле бийлик башында дагы бир популист саясатчыны көргүсү келишет.

Эларалык мамилелер боюнча Литвадагы институттун эксперти Витаутас Радзвилас жогорудагыдай пикир менен макул. Анын көз карашында, кезинде татаал көнүгүүлөрдү аткарган учкуч болгон Роландас Паксастын президенттикке шайланып калуусунун бир жүйөөсү - кээ бир адамдардын өлкөдөгү саясий, социалдык турмушка нааразылыгы жана мындай маанай тез эле жоюла койбойт:

- Иш жүзүндө Паксастын бийликтен кетиши андай адамдардын же саясатчынын бийликке келишинин себептерин жойбойт. Ушун үчүн Литваны оор маселелер күтүп турат. Бул кеминде келээрки парламенттик шайлоого чейин уланат.

Витаутас Радзивиластын айтымында, Литвада азыр былтыр эле түзүлгөн Жумушчу партия популярдуу болууда. Муну сурамжылоолор да көргөздү. Аталган партия калктын жашоо-шартын оңдоо, коррупцияга каршы күрөшү боюнча опол-тоодой убадаларды берип жатат.

Эгер президент Роландас Паксас келээрки аптада кызматтан четтетилсе, мамлекет башчысынын милдетин шайлоо өткөнгө чейинки эки ай аралыгында парламент төрагасы Артурас Паулаускас аткарат.

Баяндамачылар мамлекет башчылыгына андан башка талапкерлер катары мурдагы президент, азыркы премьер-министр Алгирдас Бразаускасты, мурдагы президент Валдас Адамкусту аташууда. Бирок эски гвардияны өкүлдөрү катары эсептелген бул үч саясатчыны калктын көпчүлүгү кубаныч менен кабыл алаары арсар.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG