Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:32

Таласта облустук жамааттык бирикмелердин экинчи форуму башталды


ТАЛАС. Форум эки күнгө созулат жана анын ишине Баткен, Ош, Ысыккөл облустарынан, Казакстандын Жамбул шаарынан да жамааттык бирикмелердин, ошондой эле Кыргызстанда иштеп жаткан эларалык уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Форумдун ачылышында сөз сүйлөгөндөр жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана аймактык өнүгүү министри Төлөбек Өмүралиев, облус губернатору Искендер Айдаралиев калкты жакырчылыктан эртерээк алып чыгууда бийлик менен үчүнчү сектордун иш жүргүзүүсү эң зарыл экенин айтышты.

Талас обласында 3 миңден ашуун жамаат, 400дөй өкмөттүк эмес уюм 2003-жылы 60 млн. сомдон ашуун социалдык, маданий, чарбалык иштерди бүткөрүшкөндүгү жакшы тажрыйба катары айтылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG