Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:21

Баткен шаарындагы эки мектептин мугалимдери иш таштоосун токтотушту


БАТКЕН. Облустук билим берүү башкармалыгынан алынган маалыматка караганда, облус борборундагы Ленин жана Жоомарт Бөкөмбаев мектептеринин иш таштаган мугалимдери бүгүн жумушка чыгышты. Алар жыл башынан бери ала элек маяналарын төлөө талабы менен эки күндөн бери наарызылык акциясын өткөрүп жатышкан. Эми аларга январь үчүн толук, февраль айы үчүн жарым жартылай эмгек акы берилди. Аталган эки мектептин мугалимдери 31-марттан баштап кеминде 2 айдын маянасын төлөө талабы менен иш ташташкан. Эки күн бою жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана тийешелүү башкармалыктардын жетекчилери иш таштаган мугалимдер менен бир канча жолу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, араң ийге келтиришти. Мугалимдер эмгек акы төлөнбөсө иш таштай турганын эскертишип бир жума мурда тийешелүү жерлерге билдирүү жөнөтүшкөн. Бирок андан эч кандай майнап чыкпай иш таштоого аргасыз болушкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG