Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:11

Караколдо Ысыккөлдү өнүктүрүү талкууланды


КАРАКОЛ. Европа Биримдигинин өкүлдөрүнүн катышуусу менен Ысыккөлдү өнүктүрүүгө арналган жыйынга президенттик администрациянын жана Европа биримдигинин Борбордук Азия боюнча өкүлдөрү катышты. Аталган иш-чарада айтылган маалыматтарга караганда, Ысыккөлдүн инфраструктурасын жакшыртуу үчүн эң ириде чакан жана орто ишканалардын сапаттык деңгээлин көтөрүү керек. Ошондой эле туризмди өнүктүрүү жана чакан кредиттерди берүү зарыл. Ысыккөлдө регионалдык өнүктүрүү долбоорунун туризм боюнча адиси Талант Абдыкасымовдун айтымында, "Адас консерс" уюмунун каржылык колдоосу менен 27 чакан туристтик уюм облустук туризм ишканаларын тейлөө ассоциациясына кирди. Ал эми быйылкы жайкы эс алуу мезгилине карата көлдүн тескей тарабындагы Кажысай шаарчасына маалымат борбору ачылмакчы. Бул борборго 17 миң доллар өлчөмүндө грант берилет.

XS
SM
MD
LG