Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:51

ЕККУнун азыркы төрагасы Кыргызстанга келет


БИШКЕК. 7-апрелде Кыргызстанда жумуш сапар менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун азыркы төрагасы, Болгариянын тышкы иштер министри Соломон Пасси болот. Анын Бишкекте президент Аскар Акаев, Жогорку Кеңештин төрагалары Абдыганы Эркебаев, Алтай Бөрүбаев, тышкы иштер министри Аскар Айтматов менен жолугушуп, өз ара кызматташуу маселелерди талкуулашы күтүлүүдө. Жолугушууларда ошондой эле эларалык жана аймактык маселелер боюнча ой бөлүшүү болмокчу. Соломон Пассинин өлкөнүн саясий партиялары менен өкмөттүк эмес уюмдардын лидерлери менен да жолугушуусу белгиленген. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

XS
SM
MD
LG