Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:58

Кыргызстанда инфляция төмөн бойдон калууда


БИШКЕК. Кыргызстанда 2004-жылдын биринчи үч айлыгында инфляция көлөмү 1,3%, ал эми ички дүң продукты 5,2% өскөн. Улуттук банктын акча–кредит саясаты болсо Эларалык валюта кору менен макулдашылган пландын нугунда жүрүүдө. Бул тууралуу 2-апрелде «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбанов билдирди. Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттык комиссиясында айтылган сындар боюнча түшүндүрмө берген Улуттук банк башчысы депутаттар тарабынан коюлган кинелердин айрымдарына тартип коргоо органдары жооп бериши керектигин, ал эми банктын жетекчилиги кылмыш дүйнөсү менен байланышта деген айыптоого байланыштуу сот органдарына кайрылбастыгын белгиледи.

Улан Сарбановдун маалыматына караганда, аманатчылардын укугун коргоону көздөгөн «Депозиттер жөнүндө» мыйзам долбоору даярдалууда. Ал мыйзам долбоору боюнча 8-апрелде «Тегерек стол» жыйыны өтөт. Анда айтылган сунуштар кошумчаланган долбоор парламенттин кароосуна июнь айында жиберилмекчи.

XS
SM
MD
LG