Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:18

“Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамга кол коюлду


БИШКЕК. Бүгүн президент Аскар Акаев "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамга жана «Мамлекеттик тил менен ырасмий тилдин натыйжалуу иштешине зарыл кошумча шарттарды түзүү чаралары» жөнүндөгү жардыкка кол койду. Кол коюу аземине депутаттар, коомчулуктун илимпоз, саясатчы өкүлдөрү катышты. Президент кол койгондон кийинки сүйлөгөн сөзүндө мыйзам улуттун өнүгүшүнө салым кошуп, тарыхый эс тутумун өркүндөтөөрүн билдирди.

Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров президенттин аталган жардыгын жокко чыгаруу өтүнүчү менен Конституциялык сотко кайрылаарын билдирди. Депутаттын айтымында, мыйзам президенттин жардыгынан жогорку күчкө ээ жана парламент кабыл алган мыйзамдын айрым беренелеринин ишке ашыруу мөөнөтүн токтотуп коюуга мамлекет башчысынын укугу жок.

XS
SM
MD
LG