Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:30

Босниялык сербдердин мурдагы жетекчиси Каражич кармала элек


НАТО уюмунун баш катчысы Яап де Хоп Схеффер бүгүн атайын жарыя жасап, босниялык сербдердин мурдагы жетекчиси Радован Каражич баары бир кармалат деп билдирди. Сарай-Босна калаасынын алдындагы Пале шаарында кечээ күнү НАТО аскерлери Каражич жашынышы мүмкүн делген жерге издөө салып, бирок аны кармай алган эмес. Каражичтин аялы жана кызы Паледе жашайт. Каражич жана анын жардамчысы генерал Ратко Младич Босниядагы ич-ара согуш учурунда көптөгөн аскерий кылмыш жасаган деп күнөөлөнүүдө жана Гаага трибуналы аларга издөө салган.

XS
SM
MD
LG