Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:28

Эларалык валюта кору Азербайжандын өкмөтүн сынга алды


Эларалык валюта кору Азербайжандын жетекчилигин катуу сынга алып, өлкө экономикасына байкоо салуу иштеринен кор убактылуу баш тартканы тууралуу жарыялады. Андай байкоонун жыйынтыгысыз Азербайжанга жаңы насыя берилбей калышы мүмкүн. Кордун айтымында, азери өкмөтү өлкөдөгү банктарды жеке менчикке өткөрүү жана мунай өндүрүшүн реформалоо боюнча иштерди кечеңдетүүдө. Жакында ал тууралуу өкмөт менен болгон сүйлөшүүлөр жыйынтыксыз аяктаган.

XS
SM
MD
LG