1-апрел күнү Түркия жана бир нече европалык мамлекетте Түркиядан чыккан марксисттик уюмдун элүүдөн ашык мүчөсү кармалды. Түрк өкмөтүн бийликтен кулатууга чакырган Революциялык элдик боштондук партиясынын 37 мүчөсү Ыстамбул шаарында кармалды, дагы 16 адам Алмания, Белгия, Нидерланд жана Италияда камакка алынды. АКШ жана Европа Биримдиги бул партияны террорчу уюмдар тизмесине киргизген.