Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:26

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ: "КЫРГЫЗ ЖАНА ОРУС ТИЛДЕРИ - ЭКИ ҮЗӨҢГҮ..."


Султан Раев, Бишкек Заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов "Азаттык" радиосуна кеңири маек берип, өзүнүн азыркы мезгилге, коомго, көркөм өнөргө, адам жашоосундагы түбөлүктүү проблемаларга көз карашын билдирген. Бүгүн жазуучу Чыңгыз Айтматов менен кеңири маектин биринчи бөлүгүн сунуш кылабыз.

- Чыңгыз Төрөкулович, бир жолку телеберүүдө "мен улуттун рухий атасындай болуп калган адаммын" деп айтыңыз эле. Дегеле сиздин кыргыздын келечеги тууралуу жеке оюңузду уксак?

- Бул абдан олуттуу суроо. Ал бүгүн эле оюбузга келе турган нерсе эмес, бирок ойлош керек. Жаңыдан, бул - тарыхтын жакшылыгы, өзүбүзчө мамлекет, эл-журт аталып, дүйнөнүн тизмесине кирип калдык. Эми ушундай болсо дагы тыптынч, баары ойдогудай болуп тарых турбайт. Тарых дайыма өзгөрүп, кандайдыр бир жаңы кыйынчылыктарды туудурат. Глобализация процесси бул улуу нерсе албетте, бүт дүйнөнү камтыган процесс. Муну бир ооз сөз менен түшүндүрүш кыйын. Эртеден кечке лекция окуш керек, ошондо түшүнөт. Анткени ал бүт адамзаттын турмушунун ар тарабын камтыган нерсе, соода-сатыктан тартып көркөм өнөргө чейин. Мына ушундай шартта алдын алып ойлоп көрсөк толуп жаткан кыйын жагдайлар болушу мүмкүн. Ошого чыдап, туруштук бере алабызбы? Туруштук деген кармашуу эмес, ал - атаандаштык. Атаандаштыктын бир жол жобосун табабызбы? Же болбосо тарых мамлекетти башкача нукка жибереби?.. Биз канткен күндө да өзүбүздүн тарыхый, маданий, улуттук наркыбызды кадырлашыбыз керек.

- Сиздин оюңузча улуттук тилибиз өлкөнүн ырасмий турмушунан четтеп калган жокпу?

- Айтып жатпайбызбы, кыргыз тили мамлекеттик тил деп. Ооба, мыйзам боюнча мамлекеттик тил. Бирок иш жүзүндө болуп атабы ошол? Кайсыл жерге келбе баары орус тилинде. Мен орус тилин чанып аткан жерим жок. Орус тилди чанууга эч кандай себеп да жок. Бул улуу дүйнөлүк тил. Биз орус тилин аспап, күч, каражат катарында пайдаланышыбыз керек. Азыр мен ушундай формула чыгардым: азыр эки үзөңгүнүн заманы, эки үзөңгүнү темингендей болушубуз керек. Өз тилибиз мамлекеттик, улуттук тил. Орус тили - ал өзүнөн өзү дүйнөлүк күч, аны эч ким жыга албайт, эч ким жылдыра албайт. А бизге окшогон чакан эл өзүнүн маданий мүмкүнчүлүгүн ойлош керек, тилди дайыма өндүрүп, өстүрүш керек. Азыр рекламалар көбөйүп кетпедиби, рекламасыз турмушу жок. Реклама деген эмне - бүгүн жазылат эртең жок, көркөм нерсе түбөлүктүү. Бирок ошону да ойлош керек кайсыл тилде, канчалык келишип турат. Толуп аткан дүкөндөрдүн жазылышы, кулактандыруулар, көбүнчө жыйналыш, жыйын, протоколуна чейин өзүбүздүн тилде болуш керек. Эки тил жанаша, жандаша колдонулушу керек. Бирок өз тилибизди унутпашыбыз керек, бул - бир. Экинчиден, экономика, өнөр жагы бар.

- Азыркы дүйнөлүк глобалдаштыруу процесси көптөгөн элдерди, тилдерди жоготту. Демек, бул тил жоголсо дил жоголот деген кеп эмеспи. Сиздин ойуңузча, ушул процесс кыргыз тилине, кыргыз элине кандай таасир тийгизиши мүмкүн?

- Мисалы, чакан эле жерде жашаган жапон эли, саны албетте бир топ 100 миллиондон ашкан эл. Бирок дүйнөлүк цивилизациянын сахнасында анын биринчи катарында турган эл. Эмне үчүн өнөрү, илими күчтү? Балдарын кичинекейинен тарбиялап, эмгекчил, көрарман, өсөрман эл. Эмне жасоо керек ошону билип туруп жасайт. Салыштыра турган нерсе, мисалы, мен өзүм туулуп-өскөн Талас жергемде туугандар боздоп ыйлап, төө бурчак өстүрөт. Баардыгы эмгектенип жатат. Ала турган эч ким жок. Демек, дүйнөлүк базар кабылдабай жатат. Демек, мунун баары куру бекер кеткен эмгек. Баары кедейленишип эмне кылаарын билбейт. Япондор мындайды жасабайт, алардын жасаганы электрондук техника, аны биз баарыбыз чуркап барып талап алабыз. Биз ошондой өнөр табышыбыз керек, ошондой жол издешибиз керек.
XS
SM
MD
LG