Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:16

ЭКУнун башкы катчысы Кыргызстанга келет


БИШКЕК. 5-апрелден 7-апрелге чейин Кыргызстанга Экономикалык кызматташтык уюмунун башкы катчысы,Казакстандын өкүлү Оразбай Асхат иш сапар менен келет. Уюмдун төрагалыгына ушул жылдын башынан баштап киришкен Оразбай Асхаттын сапары таанышуу максатын көздөйт. Иш сапар маалында ал президент Аскар Акаев, биринчи вице-премьер министр Кубанычбек Жумалиев, тышкы иштер министри Аскар Айтматов менен жолугушат. Жолугушууда алар уюм менен Кыргызстандын ортосундагы карым-катнаш тууралуу пикир алышат. Экономикалык кызматташтык уюму 1985-жылы түзүлгөн жана анын курамына Азия жана КМШдагы 10 мамлекет кирет. Уюмдун максаты чөлкөмдүк тыгыз кызматташуу аркылуу туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу.

XS
SM
MD
LG