Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:27

БУУнун Өнүктүрүү программасынын долбоорунун өкүлдөрү Өзбекстан менен чектеш кыштактарында болду


ЖАЛАЛАБАД. Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын «Чыр-чатактарды алдын алуу» долбоорунун өкүлдөрү Жалалабад облусуна караштуу Ноокен районундагы Сакалды жана Бүргөндү айылдарында чек арага жакын турган эл менен жолугушту. Атуулдар мал уурулук тыйылбай жаткандыгын жана таза суу менен камсыздоонун начардыгын айтышты. Жергиликтүү тургундар дыйкандарга зарыл техникалык тетиктер менен жер семирткич жана уу химикаттарды, азык-түлүктү тобокелге салып, коңшу мамлекеттен алып өтүп жаткан адамдар коргоого муктаж экендигин белгилешти жана чек ара аймагындагы соода-сатыктын өнүгүүсүнө жардам берилсе деген өтүнүчтөрүн билдиришти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG