Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:36

Шайлоону калыс өткөрүүгө көмөктөш болчу коомдук комитет түзүлөт


БИШКЕК. «Демократия жана атуулдук коом үчүн» өкмөттүк эмес уюмдар коалициясы өлкөдө адилет жана калыс шайлоо өткөрүүгө салым кошуу максатында коомдук комитет түзөт. Андай чечим коалициянын апрель айынын орто ченинде Ош шаарында өтө турган директорлор кеңешинин жыйынында кабыл алынмакчы. Бул тууралуу «Демократия жана атуулдук коом үчүн» өкмөттүк эмес уюмдарынын коалициясынын президенти Эдил Байсалов бүгүн «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, коомдук комитетке коалицияга мүчө эмес өкмөттүк эмес уюмдар да тартылып, жергиликтүү кеңештерге шайлоонун, андан кийин келээрки жылы боло турган парламенттик жана президенттик шайлоонун адилет жана калыс өтүүсү үчүн кызмат кылмакчы.

XS
SM
MD
LG