Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:37

Шарп ылаңы көп зыян алып келди


БИШКЕК. Шарп ылаңы өлкөгө 119 миллион сом зыян алып келди. Анын кеңири жайылып кетүүсүнө «Ветеринария жөнүндө» мыйзамдын талаптарынын аткарылбашы, тийиштүү дары-дармектин жетишсиздиги, лабораториялык базанын жоктугу, адистердин билиминин төмөндүгү себеп болгон. Бул тууралуу президенттик администрациянын 2-апрелде өткөн коллегиясында айтылып, шарп ылаңынын жайылышына жол бергендиги үчүн мамлекеттик ветеринария департаментинин жетекчилеринин жоопкерчилигин карап көрүү айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министри Александр Костюкка тапшырылды. Коллегияда ошондой эле атуулдук коомдун өкүлдөрүнүн катышуусу менен өлкөдөгү эпизоотиялык кырдаалды иликтөө жана баалоо максатында мониторинг жүргүзүү чечими да кабыл алынган. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты.

XS
SM
MD
LG