Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:42

Мыйзам чыгаруу жыйыны өзбек парламентине жолдоо үчүн кабыл алган кайрылуу Ташкенге жөнөтүлө элек


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны «Кыргызстандын суу ресурстарын пайдалануудагы кыргыз-өзбек мамлекеттик мамилелерине байланыштуу» өзбек парламентарийлерине кайрылуу кабыл алды. Анда чек аралар аркылуу өткөн сууларды пайдаланууда укуктук маселелер менен катар, суу сактагычтарды иштетүүдөгү Кыргызстандын чыгымы тууралуу маалыматтар келтирилген. Кыргыз парламентарийлери өзбек кесиптештерине бул маселелерди дүйнөлүк стандартка ылайык экономикалык негизде чечүүнү сунуштаган. Аталган кайрылуу Өзбекстандагы соңку террордук чабуулдарга жана курмандыктарга байланыштуу Ташкенге жиберилген эмес. Парламент кабыл алган бул кайрылуу расмий Ташкенге ылайыктуу убакта жөнөтүлмөкчү. Бул тууралуу Мыйзам чыгаруу жыйынынын отун-кубат комитетинин төрагасы Тайырбек Сарпашев бүгүн «Азаттыкка» билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG