Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:09

ДАГЫ БИР ЖИКЧИ КОЛБАШЧЫ ГРОЗНЫЙ БИЙЛИГИНЕ КОЛГО ТҮШҮП БЕРДИ


Муса Мураталиев, Маскөө шаары Бейшемби күнү Чеченстан бийлигине Аслан Масхадовду кайтаруучу топтун жетекчиси Турлаев Шаа колго түшүп берди. Орусиялык айрым маалымат каражаттарынын билдиришинче, Турлаев «менин мындай кадам жасашыма март айында Масхадовдун чукул жардамчылары Магомет Хамбиев менен Борис Айдамировдун куралын таштап, колго түшүп бериши түрткү болду» деген. Бирок көз карандысыз анализчилердин баамында, Грозныйдын маскөөчүл бийлиги жикчилдердин жетекчилеринин урук-туугандарын барымтага алуу жолу менен аларды өздөрү келип колго түшүп берүүгө аргасыз кылган.

Чеченстандан келген маалыматка караганда, 1-апрелде Масхадовду кайтаруучу топтун жетекчиси Турлаев Шаа курун моюнуна салып, Грозный бийлигинин алдына өзү келип колго түшүп берген. Орусиянын Түндүк Кавказ штабы таркаткан маалыматта “Турлаев атайын чара көрүү жолу менен” колго түшүрүлдү делет.

Турлаев өзү баса албагандыктан, аны үч жоро жолдошу Ножай-Юрт районуна караштуу Гансолчу кыштагына көтөрүп келишкен. ИТАР-ТАСС агенттиги таркаткан маалыматка караганда, аны Гудермес шаардык ооруканасында доктурлар карап, чирип кеткен сол бутун кесип таштаган жана союлгандан кийин анын абалы жаман эмес.

Орусиянын федералдык коопсуздук кызматынын полковниги Илья Шабалкин ИНТЕРФАКС агенттигине берген маалыматында: “Турлаевдин ден соолугунун начардап кетиши кайсы бир деңгээлде аны жикчилдердин катарын таштап кетүүгө мажбурлаган”, - деп билдирди.

Расмий чөйрө таркаткан дагы бир божомолдо Аслан Масхадовдун жеке күзөтчүсү Шаа Турлаевдин Грозный бийлигине багынып беришиүчүн март айында мурдагы Ичкериянын коргоо министри Хамбиев менен Масхадов турганда жумурияттын “атайын бөлүмүн” жетектеген Айдамиров өздөрү келип колго түшүп бериши өрнөк болгон.

- Масхадовду кайтаруучу топтун жетекчиси Турлаев Шаа кол куушуруп өзү келди. Ал кыйла убак бою Масхадовдун чөйрөсүндө анын коопсуздугун камсыз кылуу жаатында кызмат эткен. Бирок мурда өздөрү келип колго түшкөн Ичкерия жетекчилери сыңары эле, ал да өзүнүн абалынын келечексиз экенин түшүндү, - деди полковник Шабалкин.

Ал эми орусиялык укук коргоочулардын айтканына караганда, жикчилдердин арасынан айрым аттуу-баштууларынын бийликке “ыктыярдуу түрдө” колго түшүп берүүсү – баарыдан мурда, орус коопсуздук күчтөрүнүн алардын ага-тууган, жек-жааттарын себепсиз кармап, көздөн далдаада кыйнап, барымтага алуусунан улам болуп жатат.

“Азаттыктын” Чеченстандагы кабарчысы Муса Хасанов Турлаевдин ага-туугандары да оболу маскөөчүл жергиликтүү коопсуздук күчтөрү тарабынан барымтага алынганын телефон аркылуу айтты:

- Ал колго түшүп берээрден 4 күн мурда бул колбашчынын (талаа командиринин) чукул ага-тууган, эже-карындаштарынан жана бала-чакасынан отуздай кишини кармап кетишкен.

Кармалгандардын кайда экени белгисиз болуп калган жагдайда, Шаа Турлаев ошол жакындарын кыйбай, өзү келип, бийлик алдына моюн сунуп берди, деди кабарчыбыз. Март айында бийликке өзү колго түшүп берген мурдагы Ичкериянын коргоо министри Магомет Хамбиев, өз иниси Хамбиевдин “урук-туугандарыбыз барымтада жатат» деп айтканына карабай, “жок, мен өз ыктыярым менен жикчилдерди таштап келдим”, - деген эле. Мындай абалдан уламдыр, кайсы бир серепчилер «чын эле чечен жикчилдеринин кайсы бирлери согуш аракеттеринен тажап бүткөндүр, ошол себептен чынында эле жикчи колбашчылар өздөрү ыктыярдуу түрдө колго түшүп жаткандыр?» деген божомолдорун айтышууда. Арийне, азырынча бул жоромолдорду тастыктоо же четке кагуу үчүн жетишээрлик маалымат жок.
XS
SM
MD
LG