Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:29

ИРАК: ФАЛЛУЖА ШААРЫНДАГЫ КЫРДААЛ ДАГЫ ЭЛЕ КООПТУУ


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Ирактын Фаллужа шаарындагы кырдаал өтө кооптуу бойдон кала берүүдө. Шаршемби күнү шаарда төрт америкалык атуул мыкаачылык менен өлтүрүлгөндөн кийин АКШнын аскердик жетекчилиги шаарга кошумча күчтөрдү киргизип, кылмышкерлерди таап, жазалоого убада берген. Бирок карапайым ирактыктардын өздөрү да, өлкөнүн коопсуздук күчтөрү да андай кадам эки ортодогу жаңжалды ого бетер ырбата турганын айтып жатышат.

Фаллужа шаарында шаршемби күнү болгон мыкаачылыктан кийин Американын Ирактагы аскердик командачылыгынын өкүлү, генерал Марк Киммит кылмышкерлерди таап, мыйзамдуу жазалоого сөз берген. Бирок ошону менен бирге эле генерал АКШ аскерлери менен шаардыктардын ортосунда болочокто ачык кагылышты болтурбоо үчүн жергиликтүү бийлик ал кылмыштын бетин ачуу үчүн өзү чара көрүүгө тийиш экенин баса белгилеген.

- Эгер шаар бийликтери бул мыкаачылык киши өлтүрүүнүн артында кимдер турганын ачык айтып, аларды таап, жазаласа, биз эки ортодогу ачык араздашуунун алдын ала ала алабыз, - деген генерал жума күнү жасаган билдирүүсүндө.

Американын Ирактагы аскердик жетекчилиги менен расмий Вашингтон кылмышкерлер жазалана турганын эскертишти. Шаршемби күнү жоон топ ирактыктар америкалыктардын машинесине буктурмадан кол салып, анда бараткан төрт кишинин өлтүрүп, буту колун кесип, өлүктөрүн мазактап, шакаба чегип, кыбасын кандырган болчу.

Бул жосунсуз жорукту Ирактын Башкаруу Кеңеши жана коомчулугу кескин сынга алып, мындай мыкаачылык менен ыймансыздык жалпы ирак элининин беделине шек келтиргенин айтып жатышат. Бейшемби күнү Багдадда өткөн прессконференцияда Башкаруу Кеңештин мүчөсү Сумаиди мындай деп капаланды:

- Бул окуядан кийин уятыбыздан башыбызды көтөрө албай калдык!

Бирок, дегени менен, Фаллужанын диний өкүлдөрү менен карапайым элдин окуяга болгон көз карашы башкача болуп чыкты. Жума намазда жергиликтүү имамдар өлүктөрдү шакаба кылууну "ыймансыздык" деп аташканы менен, киши өлтүрүүнү "ачууга алдырган ирактыктардын балалык кылганы" катары сыпаттоо менен чектелишти. Белгилей кетчү жагы, мындай көз карашты калың элдин кыйла бөлүгү карманат.

Мисалы, Ирак полициясынын офицери Мохаммад Тарык Ройтер агенттигинин Майкл Жорж деген кабарчысына: «Шаарга кошумча аскер киргизүүнү караштырып жаткан америкалыктар андай чара колдонуудан мурда жакшы ойлонуусу керек. Алар катуу каршылык көрсөтүүгө кабылат, калктын каршылыгы басылбайт, - деп айткан.

- Бул - Фаллужа. Бул жерде баскынчыларды баары жек көрөт, бул жердеги уруулар алардан өч алып, кыбасын кандырганга ынтызар. Андан көрө америкалыктардын обочо турганы оң, - деп кошумчалаган.

Ал эми Абдел Рахман деген дагы бир карапайым жигит шаарды аны бомбалоо жолу менен гана көзөмөлгө алса болот, жөө кирген аскерлер кандай кирсе, ошондой эле тез чыгып кеткенге аргасыз болот, - деп айткан.

Фаллужада шаршемби күнкүдөй мыкаачылык биринчи жолу болуп отурган жери жок. 1958-жылы мамлекеттик төңкөрүштүн натыйжасында кулатылган падышанын жоон топ үй-бүлө мүчөлөрү Фаллужада өлтүрүлүп, алардын өлүктөрү көчөгө сүйрөлүп ташталган. Падышанын жакын тууганы Абдулланы калайык тобу жабылып өлтүрүп, дене мүчөсүн бырчалап, көчөгө сүйрөп, шакаба кылышкан. Тарыхчылар төңкөрүш учурунда падышанын 42 үй бүлө мүчөсү өлтүрүлгөнүн айтышат.

Американын аскердик жетекчилиги оккупацияга эң катуу каршылык көрсөтүп келаткан шаарды Саддам Хусейиндин коопсуздук жана чалгын кызматтарынын калдыктары, федаиндер топтору менен чет элдик арабдардан турган куралдуу топтордун уюгу деп эсептейт. Бир жылдан бери шаарда америкалык аскерлерге каршы демонстрациялар басылбай, аскердик объекттер менен жоокерлерге каршы кол салуулар кайталанып келатат.

Былтыр апрелде өткөн алгачкы демонстрациянын учурунда америкалык аскерлер 18 демонстрантты атып салышкан. Демонстранттардын арасында көптөгөн балдар менен өспүрүмдөр бар эле.

- Бул окуя эки ортодогу душмандык отуна алгачкы тамызгы болуп берген, - дейт лондондук серепчи Мустафа Алани.

XS
SM
MD
LG