Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:36

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ШААРЛАРДЫН АБАЛЫ ООР


Азиза Турдуева, Бишкек Кыргызстандагы шаарлардын абалы азыркы тапта оор бойдон калууда. Алардагы айрым маселелердин чечилишине эл аралык уюмдар тарабынан жардам көрсөтүлүп келет. Учурда өлкөдөгү бир катар шаарларды өнүктүрүү пландары иштелип чыкты.

Белгилүү болгондой, 1990-жылдарга чейин Кыргызстандын шаарларындагы социалдык жана экономикалык проблемалар негизинен алардагы ири ишканалардын эсебинен чечилип келген. Соңку жылдары бюджеттен бөлүнгөн акча каражаты жетишсиз болгондугунан, шаарлардагы көптөгөн маселелер негизинен чет өлкөлүк уюмдардын грант түрүндөгү каржылык жардамдарынын эсебинен чечилүүдө.

2005-жылы Дүйнөлүк банк тарабынан Кыргызстандагы шаарларды өнүктүрүүгө 15 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү каражат бөлүнүшү күтүлүүдө. Буга байланыштуу өткөн эки айдын ичинде Кыргызстандагы шаарлар Ассоциациясынын өкүлдөрү республикадагы шаарлардын баарын кыдырып, алардагы абал боюнча мониторинг жүргүзүп келишти. Ассоциациянын аткаруучу директору Болот Асанакунов шаарлардын бүгүнкү абалына төмөнкүдөй токтолду:

- Биз Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн тапшырмасы боюнча республикадагы шаарларды кыдырып чыктык. Алардагы проблемадар негизинен окшош. Баарында абал оор. Биринчиден, таза суу менен камсыз кылуу маселесин белгилесек болот. Экинчиден, канализация маселеси. Υчүнчүдөн, таштандылар маселеси. Шаарлардын көпчүлүгүндө бул маселелер курч турат.

Эксперттердин айтымында, Кыргызстандагы шаарлардын өз алдынча башкаруу органдарына соңку жылдары мыйзам чегинде көбүүрөк укуктардын берилиши шаарлардын өнүгүшүнө өбөлгө түзүүдө. Бирок, аларга берилген өз алдынчалыкты мындан ары да өнүктүрүү керек. Бул багытта учурда тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

2002-жылы өлкөдөгү шаарларды өнүктүрүү Концепциясы иштелип чыккан. Анын негизинде учурда эл аралык уюмдардын жардамы менен айрым шаарларды өнүктүрүү стратегиясы иштелип чыгууда. Маселен, буга чейин эл аралык Урбан институтунун жардамы менен иштелип чыккан Кызылкыя, Карабалта, Нарын, Балыкчы, Токмок шаарларын өнүктүрүү стратегиялары жергиликтүү жамааттардын курултайларында жактырылып, жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилди.

Ал эми «Сорос Кыргызстан» фондунун жардамы менен өлкөдөгү 6 шаардын, тактап айтканда, Майлысуу, Ташкөмүр, Каракөл, Чолпона ата, Кант жана Карасуу шаарларынын өнүктүктүрүү пландары иштелүүдө. Андан сырткары, Дүйнөлүк банк тарабынан дагы 4 шаарга мындай стратегияны иштеп чыгууга жардам көрсөтүлөт. Бирок, азырынча кайсы шаарларга бул багытта жардам көрсөтүлөөрү белгисиз.

Жалпысынан бул пландарда чакан шаарлардагы өнөр жай тармагын, орто жана чакан ишкердикти өнүктүрүү, шаарлардын инфраструктурасы менен тейлөө тармагын жакшыртуу, социалдык, маданият объектилерин ишке киргизүү сыяктуу багыттарга басым жасалып жатат.

Бирок, айрым жетекчилер белгилешкендей, өлкөдө шаарларды өнүктүрүүдө эл аралык уюмдардын гана жардамдарын күтпөй, өз алдынча да аракеттенүү керек.

Бул жөнүндө Ыссыккөл облусунун губернатору Токон Шайлиева мындй дейт:

- Ыссыккөлдөгү шаарларда да таза суу менен камсыз кылуу маселеси чечилген эмес. Жолдор начар. Жашылдандырууга көңүл бөлүнбөй калган. Мына биз 15 миң терек, карагай тиктик. Мына ушундай иш-чаралар менен шаарлардагы айрым маселелерди чече берсек болот да. Чет элдик жардамды гана күткөнүбүз туура эмес.

Шаарлардын айрым башчылары белгилешкендей, учурда шаарлардагы социалдык маселелердин, алардын ичинде жумушсуздук проблемасынын чечилиши мурда иштеп, кийинчерээк токтоп калган ишканаларды кайрадан ишке киргизүү менен байланыштуу.

Жогоруда айтылгандай, өкмөт тарабынан азырынча шаарларга жардам берилбей жатат. Бирок, 2003-жылдын аягында кабыл алынган өкмөттүн токтому менен, эгерде жергиликтүү бюджет тарабынан ошол облустун же райондун карамагындагы шаарды өнүктүрүү үчүн каражат бөлүнсө, бул шаар республикалык бюджеттен өнүгүү тармагына бөлүнгөн гранттын эсебинен каражат ала алат.

Кыргызстанда Бишкек менен Оштон тышкары 22 шаар бар. Алардын ичинен 12си райондун, ал эми 10у - облустун карамагында.

Дүйнөлүк банк тарабынан бөлүнө турган 15 млн АКШ доллары республикадагы канча шаарды оңдоого жумшалаары азырынча белгисиз. Бирок, шаарлар Ассоциациясынын жетекчилиги белгилегендей, бул каражат менен айрым шаарлардагы абалды белгилүү деңгээлде жакшыртууга мүмкүн.

Шаар макамын берүү талаптарын алчу болсок, өнөр жай ишканалары бар, инфраструктуралык өнүгүшү, тейлөө тармагы тиешелүү деңгээлде болгон жана калкынын 70 пайызы ушул тармактарда иштеген шаарчаларга жана чоң кыштактарга шаар макамы берилет.
XS
SM
MD
LG