Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:08

Дүйнөлүк коомчулук Израилди Арафатка тийбөөгө чакырды


ИЕРУСАЛИМ. АКШ, Улуу британия, Европа биримдиги жана Иордания Израилдин премьери Ариэл Шаронду Палестина лидери Ясир Арафатка каршы аракеттерди жасабоого чакырышты.
Ариэл Шарон кечээ массалык маалымат каражаттарына берген интервьюсунда эгерде Арафат Израилге жасаган кыянатчылыгын токтотпосо, аны жок кылуу боюнча чаралар көрүлө тургандыгын билдирген. Палестинанын премьери Ахмед Корейи Шарондун сөзүн “жоопкерчиликсиз коркутуу” деп баалап, Арафаттын өмүрүнүн коопсуздугун сактоого чакырып, АКШ баштаган дүйнөлүк коомчулукка кайрылган.
Израилдиктер бүгүн таңга маал бир палестиндик адам Иордан дарыясынын батыш жээгинде израилдик адамга кол салгандыктан атып өлтүрүлгөндүгүн маалымдашты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG