Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:10

Мьянманын оппозиция лидери эркиндикке чыгат


БАНГКОК. Мьянманын (Бирманын) аскерий өкмөтүнүн тышкы иштер министри Уин Аун бүгүн сыналгыда көрсөтүлгөн маегинде демократиялык оппозициянын лидери Аун Сан Су Ки үй камагынан май айында бошотулаарын айтты. Министрдин айтымында , ал жетектеген Демократия үчүн улуттук лига 17-майда боло турган конституция боюнча талкууга катыша алат.
Аун Сан Су Ки айым - Нобел сыйлыгынын лаураты. 2003-жылдын майында аскерий бийликке каршы оппозиция акция уюштуруп, ортодо кагылышуу болгондо, ал үй камакка алынган.

XS
SM
MD
LG