Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:46

Ташкен Пакистанда колго түшкөн өзбек атуулдарын тактайт


ИСЛАМАБАД. Пакистандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Масуд Хан (Masood Khan) бүгүн журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрүп, Ташкен Ооганстан менен чек арага жакын жерде болгон “ал-кайидачылар” менен салгылашууда колго түшүрүлгөн өзбек атуулдары жөнүндө толук маалымат берүүсүн сурап Исламабадга кайрылгандыгын кабарлады. Өкүлдүн айтымында, Пакистан кайрылууга жооп бере элек. Бирок Пакистандын аскер жетекчилери ал салгылашууда 60 адам өлтүрүлгөндүгүн, 160 адам колго түшүрүлгөндүгүн, колго түшкөндөрдүн 70тейи өзбек, чечен жана араб болгонун айтышууда. Алардын айтымында, ал согушта Өзбекстандын ислам кыймылынын жетекчиси Тахир Юлдашев жарадар болуп качып чыккан.
Өзбекстандын бийлиги өлкөдө болгон соңку жардырууларды Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөлөрү уюштуруп жатышы мүмкүн деп шектенет.

XS
SM
MD
LG