Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:31

Бишкек-Торугарт жолунун айрым тилкеси оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу жабылды


НАРЫН. Бишкек-Торугарт автожолунун 356-357 чакырымы оор жүк ташыган автоунаа үчүн убактылуу (белгисиз мөөнөткө) жабылды. Жолдун ушул аралыгы Кызылбел ашуусуна жакын жерде орун алган. Кызылбелде өтө оор жүк ташуучу эки автоунаанын жолдун таманына тыгылып калгандыгынан улам, эки тараптан тең оор жүк ташыган автоунаалар шыкала тизилип тургандыгына Нарындагы кабарчыбыз бүгүн өзү күбө болду. Болгону жеңил автоунаалар, автобустар гана бири-бирине жол берип өтүп жатышыптыр. Алты жумушчу жолдун бир жак тарабына таш төшөө менен алектенип жатышат. Алардын айтымында, ары-бери оор жүк ташыган автоунаалар 4-апрелден тартып таптакыр каттай албай калды. Ал эми айдоочулар төрт күндөн бери ушул Кызылбелде күн кечирип жатышкандыктарын билдиришти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG